Бүгүн, 3-апрелде футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычында "Дордой"-"Алтын Асыр" беттеши орун алат.
Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Оюнду Сауд Аль-Адба башында турган катарлык калыстар тейлейт. Ал эми резервдеги калыс өзбекстандык Шерзод Касимов болмокчу.
Билет баасы 150-200 сом.
"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат.