Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз жерине UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону, мушкер Валентина Шевченко келди.
Өзүнүн машыктыруучусу менен кошо күтүү залына кирип келген Шевченкону улуттук филармониянын оркестринин коштоосунда анын апасы, бир нече аткаминерлер жана бир топ күйөрмандар тосуп алышты. Кучагы гүлгө толгон мушкер жакындары менен биргеликте бир топ унаалар жана мотоциклдер коштогон кортеж менен шаарга жөнөп кетти.
SUPER.KG порталы UFC чемпионун тосуп алуу аземинен алдыңыздарга фоторепортаж сунуш кылат.