Кыргыз Премьер-Лигасы. Алгачкы турда "Алай" жана "Илбирс" клубдары ири эсеп менен жеңишке жетишти

Дем алыш күндөрү футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 2019-жылдагы алгачкы туру орун алды. Ош, Бишкек жана Кант шаарларында өткөн беттештерде "Илбирс", "Алай", "Дордой" жана "Нефтчи" клубдары жеңишке жетишти.

"Абдыш-Ата"-"Илбирс" 0:3

6-апрель күнү Кант шаарында өткөн беттеште жергиликтүү "Абдыш-Ата" клубу Бишкектин "Илбирс" клубуна ири эсепте жеңилип калды. Голдорду Сүйүнтбек Мамыралиев, Семетей Данияров жана Кадырбек Шаарбековдор жаратып, бишкектик клубга алгачкы жеңишти алып келишти.

"Алай"-"Кара-Балта" 6:1

"Алай"-"Кара-Балта" беттеши 6-апрелде Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өттү. Беттештин 34-мүнөтүндө талаа ээлеринин коргоочусу Акрам Умаров катары менен 2 сары айып кагазын алып, беттештен четтетилди. Буга карабай "Алай" командасы Жоел Кожонун хет-тригинин, Улугбек Ташланкулов менен Келвин Инкумдун голдорунун жана коноктордун автоголунун негизинде 6 гол жаратышты. Ал эми "Кара-Балта" командасынын жалгыз голун 58-мүнөттө Станислав Геращенко киргизди.

"Алга"-"Нефтчи" 0:1

"Алга"-"Нефтчи" беттеши 7-апрелде Кант шаарында орун алып, Кочкор-Ата шаарынын командасы минималдык эсепте жеңишке жетишти. Оюндагы жападан жалгыз голдун автору коноктордун коргоочусу Абдуллаев жаратты.

"Дордой"-"Академия-Лидер" 2:1

Өткөн сезондун чемпиону "Дордой" менен ушул жылы өлкө чемпиондугунда дебют жасаган "Академия-Лидердин" беттеши 7-апрелде Бишкек шаарында өттү. "Дордой" клубунун катарын ушул жылы толуктаган оюнчулар Вахыт Оразсахедов менен Артур Валикаевдин голдору талаа ээлерине 2:1 эсебинде жеңиш алып келди.

Кыргыз Премьер-Лигасынын 1-турдан кийинки жадыбалы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан