Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бул жылы туулган күнүн өзгөлөрдөн өзгөчө белгиледи. Тактап айтканда, 46 жашка толгон эл өкүлү өздүк майрамында аймактардан келген жаштар менен жолугушуу уюштурду. Анда өлкө келечеги тууралуу баарлашканын жана бул жолугушуу жагымдуу болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул жылы 5-апрелде туулган күнүмдү Фейсбук жана Инстаграмда катталган досторум менен белгиледим. Бул кече мен үчүн абдан жагымдуу, эсте каларлык болуп, өлкөнүн аймактарынан келген жаштар менен кенен баарлаштым. Алардын өлкөнүн келечеги, экономиканы өнүктүрүүнүн багыттары, элдин социалдык абалын чыңдоо жана Кыргыз өлкөсүнө кандай жаңыча өзгөрүүлөр керек экендиги боюнча айткан ой толгоолору, көз караштары мени абдан кубандырды. Социалдык-экономикалык, саясий багыттарда терең ой жүгүрткөн жаштарыбыз, эртеңки биздин келечегибиз экенинде шек жок.
Мен социалдык тармактардагы катталган бардык досторумду сыйлайм. Кечеге катышкан конокторду жалпы катталуучуларымдын атынан келген өкүлдөр деп түшүнөм. Андыктан, менин чакыруумду кабыл алып, туулган күнүмө келген досторума бекем ден соолук, иштерине, окууларына ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалап, ыраазычылык билдирем", - дейт депутат.
Бакыт Төрөбаев 1973-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетине тапшырып, "финансы жана кредит" адистигин бүтүргөн.