"КСДП Өмүрбек Бабановдун Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишин кубаттайт" дейт Адил Турдукулов

КСДП экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишин кубаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

"КСДП Бабановдун Кыргыз мамлекетине келишин кубаттайт. Анын келиши кандайдыр бир саясий чыңалууну басаңдатып, саясий процессти жандантат, демократиялык процесске оң таасирин тийгизет. Төңкөрүш, улут аралык араздашуу боюнча анын эч кандай күнөөсү жок. Алмазбек Атамбаев бул нерсени бир нече ирет айткан", - дейт Турдукулов.

Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип конору белгилүү болду. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан