Бүгүн, 19-август күнү Өмүрбек Бабанов Финполдо күбө катары сурак берип чыкты. Андан чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Өмүрбек Бабанов сүйлөшүүлөрдүн негизинде өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.
"2017-жылы өлкөдөн чыгып кетүүм боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн, макулдук болгон, саясий абал курчуп кетпесин деген сөздөр айтылган. Кыргыз элинде тынчтык болсун деп келген жокмун. Мен келсем, саясий абал курчумак. Кадыр-баркым, атым сөз болсо, боло берсин деп, келген жокмун", - деди Бабанов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев да Бабановдун президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бийлик менен болгон сүйлөшүүлөр себеп болгонун айтып келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаев маектеринин биринде Бабанов убадасын кармаганын жана ага каршы козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айткан.