Саясатчы Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Москвадан келерин айткан. Атасын тосуп алуу үчүн анын уулу жана кызы чет өлкөдөн учуп келишти. Бул тууралуу "Республика" партиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бабановдун уулу Нурэмир АКШдан бүгүн, 12-апрелде учуп келген. Андан мурун Лондондо окуп жаткан кызы Айпери Кыргыз жерине келген. Алар апасы менен бирге эртең атасын тосуп алуу үчүн аэропортко барары белгилүү болду.