Бабанов: "Жээнбековдун бир дагы адамы менин камалбай турганымды билдирген жок"

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов "Коммерсантъ" басылмасына маек курду. Анда ал шайлоодон кийинки абалы, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тирешүүсү жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

"Шайлоодо катуу атаандаштык болду. Андан кийин саясаттан кетүү чечимин кабыл алуу мен үчүн чоң стресс болду. Үч айдан кийин гана өзүмө келдим. Анткени бир гана Бабанов эмес, менин бүт командам утулган. Жөнөкөй рейс менен дарыланууга кеткенде, мага каршы кылмыш иши козголгонун билдим. Мен эч жерде жашынган жокмун, көп убакыт Орусияда жүрдүм", - деди Бабанов.

Экс-депутат Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн атайын кызматтары анын кайтып келишин макулдашкан же макулдашпаганы тууралуу маалыматка ээ эмес экенин айтты. Ал эми Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө кайрылган же кайрылбаганы боюнча суроону жоопсуз калтырды.

Мындан тышкары Бабанов ага козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди. "Экс-президент менин кылмыш ишим туура эмес козголгонун өзү моюнга алды. Мен издөөдө эмесмин. Эгер издөө салсаңар, мен өзүм келем деп дароо айткам. Албетте, бир жыл бою менин жакын адамдарым Жээнбеков менен жолугушууларды өткөрүшкөн, бирок кылмыш иши жабыла элек. Бул саясий иш экени анык. Жээнбековдун бир дагы адамы менин камалбай турганымды билдирген жок. Бишкекке барганда камаламбы же камалбаймбы, так билбейм. Бирок чындык мен тарапта экенин, кылмыш жасабаганымды билем. Корко турган эч нерсе жок. Мен бир жыл чыдап күттүм. Азыркы бийлик сөзүнө турат деп ишенем", - деди Бабанов.

Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүнө келип, эмне менен алектенерин айтты. "Эгер баары тынч бүтсө, мен бизнес жана инвестициялар менен алектенем. Бул багытта жардам берем. Эгер азыркы президентке же премьер-министрге кеңешим, билимим жана тажрыйбам керек болсо, бөлүшүүгө даярмын. Саясаттан башка көп кызыктуу нерселер бар. Бирок эгер куугунтуктар башталса, саясатка кайтууга мажбур болом", - деди Бабанов.

Ал эми экс-президент менен азыркы өлкө башчынын ортосундагы тирешүү тууралуу төмөнкүдөй жооп берди. "Алардын мамилесин талкуулагым келбейт. Тирешүү болуп жатканы өкүнүчтүү, экөө менен жакшы таанышмын. Тилекке каршы, айрым саясатчылар мындан упай топтоп жатышат, анткени мунун баарын көрүп жаткан инвесторлор өлкөгө келбей коюшат", - деген оюн айтты экс-депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан