Жалал-Абад. Бекмамат Осмоновдун элесине арналган эл аралык мелдеш уланууда

28-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы Спорт Сарайында ЖКнын депутаты жана көрүнүктүү коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун жаркын элесине арналган мелдеш башталды. Эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан таймаштарга коңшу өлкөлөрдөн да балбандардын келүүсү пландалган болчу. Бирок түрдүү себептерге байланыштуу алардын келе албай калганын уюштуруучулар маалымдашты. Уюштуруучулардын бири, маркум Бекмамат Осмоновдун уулу Темирбек Бекмамат уулунун айтымында, саамалык жалпысынан 20 команданы чогулткан. Өлкө аймактарынан тышкары Тажикстандан келген 3 команданын өкүлдөрү да чемпиондук үчүн күч сынашууда. Мелдеш бүгүн аяктап, чемпиондордун толук тизмеси кечке жуук белгилүү болот.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан