"Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча камакка алынган Динара Сагинбаеваны үй камагына чыгарса деле болот", - деп бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
“Динара Сагинбаеванын УКМКнын СИЗОсуна камакка алынышы эч кандай гумандуулукка жатпайт. Ал улуттук госпиталдын башкы дарыгери. Тергөө иштеринин алкагында Батукаев кимдин буйругу менен чыккандыгы жана ал буйрукту ким аткарганы аныкталат деп ишенем.
7 жыл мурун болгон окуя, өлүм алдында турат деген Батукаевдин тирүү жүргөнү чуу салды. Ушундай эле жол менен жергиликтүү канча кримтөбөлдөр чыкканы боюнча эмне себептен иликтенген эмес. Динара Сагинбаеваны өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде деле үй камагына чыгарууга болот. Эмне себептен сөзсүз камап салуу керек?” - деди Карамушкина.
Кечээ күнү мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева Батукаевдин иши боюнча камакка алынган.