Зарылбек Рысалиев ооруканага жаткырылды. Аны 48 саатка камакка алуу чечими чыккан (толукталды)

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак учурунда өзүн начар сезип, тез жардам кызматы ага медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага алып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМден билдиришти. Ал эми кененирээк маалыматты эртең берерин убадалашты.

Ал эми өздүк булактар кабарлашкандай, сурак аяктагандан кийин Рысалиевди 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизүү боюнча протокол түзүлгөндө, ал өзүн начар сезип баштаган. Учурда аны ооруканада конвой кайтарып жатат.

Буга чейин да Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча суракта жүрөк оорусу кармап жыгылыптыр деген маалымат жарыяланган. Бирок ал: "Жүрөк оорусу кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин. Тирүүмүн, жакшынакай эле жүрөм. Отуруп-тур десеңер отуруп-турайын, отжимание кыл десеңер отжимание кылайын", - деген депутат.

Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Adi010891
2019-06-07 20:37:55
Кокуууй ооруп калган турбайбы шорду Заке! Койгула аны камаганга болбойт. Абактан бирдеме болсо бизге уят болот. Уйуно коштоп алып жеткирип койгула садагасын
+3
odin-takoy
2019-06-07 20:41:55
Коркок киши экен сразу эле ооруп калса
+3
bessmertiy
2019-06-07 20:48:10
Текебаевден коркот. Текебаев түрмөдө местный болуп калды. Зарылбек түшсө Текебаев көргөзөт го көргүлүктү. Шашпа Зарыке көрөсүң али.
+3
Farra16gsin
2019-06-07 20:56:47
Аа Заке ондой бовойт мен оорубайм дедиңле не болду?
+3
Qwerty33
2019-06-07 20:57:00
Зарылбек турмого отургандан коркот, себеби душманы коп чаап салышат. Андан коро журогум кармап олойун десе керек тобо.
+2
Bars88
2019-06-07 21:28:40
Откондо эле отуруп турайын отжимание кылам деп мактанып атты элего.Оруй турган жонокой киши эмесмин деп ХХХХ аткан сурактан качпайм деп
+2
Sakubek
2019-06-07 22:16:49
Атамбайдыкы булкулдоп атса керек уже
+4
didu
2019-06-07 22:36:06
биздин бир жэрдешибиз турмодо олду эч кимге даттанганда жок, тып тынч.чондор эле кичине башы ооруса хай-вай которушот, ошону мурдарак ойлонуш керек, кылгылыкты кылдынбы жооп бер касит этпей
+2
bekiw.801
2019-06-08 00:29:09
Эми кезек Туйгунбаев беле? Ошонун кезеги жакындап калды окшойт
+1
Avrora2017
2019-06-08 00:41:57
Тобо тобо только депутаттар эле ооруп калышат, жонокой жарандын турмого тушкондо ооруп калгандарын уга элекмин,
+1
nur...nur.
2019-06-08 00:42:43
Камап салабергиледа олбойт артист булар баары акчаны жегенди билишет
+1
Jelezo
2019-06-08 02:52:20
Өпкөдөн ооруса керек
0
Kamchybek-007
2019-06-08 14:20:41
Азиз Батукаев булардын баарын тартып кетет экен да өздөрүнөн көрүшсүн акчасын алышып оорулууга чыгарышты эле коркушуп бир вордон эми түрмөдө да коркуп жатышатко чиркин
0
Skarlett-Skarlett
2019-06-08 17:55:30
Чон,чондун арты кор.
+1
admin_portal
2019-06-10 10:36:09
KaGaH, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан