Аида Саляновага "чёрныйлар" тарабынан коркутуулар болуп жатканы айтылды

Аида Салянова баш прокурор болуп турган кезде кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча эч кандай чечим кабыл алган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда маалымат жыйынында адвокат Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, Салянованын дарегине крим-чөйрөдөн коркутуулар болуп жатат. "Баш коргоо чарасы каралып жатканда да, учурда да мындай билдирүүлөр келүүдө. Салянованын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар. Президент бул ишти көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде караларына үмүттөнөбүз", - деди Сыдыкова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolkun555
2019-06-11 12:08:58
эми айта бересинер да ар шылтоону.Бирок аял киши жалко камалганы.Эми тагдырындан коросун да.Убагында бошотпогонго да айланар жок эле да.
+11
Wold
2019-06-11 12:52:31
Tolkun555,

Шылтоолору түгөнбөйт булардын. Тиякта бирөөсү кан басымы төмөндөп, оор абалда имиш. Дагы бир бандит теери ооруу менен ооруйт имиш)). Эмнеге жаш балага окшоп камакка алынса эле ооруй баштайт бул костюм-шым, галустукчан симпатичный уурулар?).
+10
Skarlett-Skarlett
2019-06-11 13:24:06
Wold,имиш)))
+1
Wold
2019-06-11 12:45:02
Убагында АША нын камчысын чаап, бүт аркасында тирөө күчү (бийлик) жок оппозициядагы депутаттарды "Коррупция мн күрөшүп жатабыз" деп, калп эле камап салган болчу. Негизи оппозицияны участковый деле кармап камап салат.
Раз күрөшсөң бийликтин депутаттары менен күрөшүшүң керек болчу.
ЖК га кирип тим эле депутаттарга сөөмөй гезегеничи.
Тоок уурдагандарды бат эле таптырып, 2.3 жылга каматкан Аида, Камиланын өлүмүн кандай эле таба албай табышмак кылып таштап салды? Албетте агас
+8
Avrora2017
2019-06-11 14:18:35
Wold,ошол агасы эле куноолу деп ойлойм менда кыздын олумуно , аида жумуштан кеткенде кыргызстандан чыга качтыго байкеси, байкесин розыскага беришпейби , рано или поздно акыры жооп бериши керекда
+2
Skarlett-Skarlett
2019-06-11 13:23:04
Ушул бийликтеги ХХХХХХХХ ,качан жаны жуздорду тамылжыган жаш кадрларды коробуз!Тажаттынар эй катындар!!!
-2
warcaw
2019-06-11 21:31:49
Элге аздык кылат өзү,убагында бийликте турганда жамандап жутуп ийчүдөй камаш керек кетириш керек деп безилдейсиңер, мына мынтип камап салса боор ооруйсуңар жөн эле камап атат бийлик деп бийликти күнөөлөйсүңөр, адамдарга түшүнүш кыйын өзү...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан