27-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусунда расмий иш сапары менен болуп кайтты
27-октябрь күнү өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна иш сапары менен барып, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна капсула коюу аземине катышты. Ошондой эле өзүнүн иш сапарында "Ак-Бечел" суу алуучу жайынын ачылышына да күбө болду.