Казакстанда кесиптеши менен сүрөткө түшкөнү үчүн сабалган ливиялык жумушчу кечирим сурады

Казакстандын Атырау облусунда Тенгиз кениндеги заводдо кесиптеши менен сүрөткө түшүп, ур-токмокко алынган жумушчу казак элинен кечирим сурады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сабалган жумушчу Ели Дауд кечирим сураганын видеого тартып, аны социалдык тармакка жүктөгөн.

"Биринчиден, акимчиликтен, президенттен жана жалпы казак элинен кечирим сурайм. Болгону кесиптешимди сүрөткө тартып койгом. Жаман нерсе жасайын деген эмесмин. Экинчиден, Казакстанда 2 жылдан бери иштейм. Бул жылдар аралыгында эч кимди капа кылгым келген эмес. Мени кечириңиздер", - деген ал өз кайрылуусунда.

29-июнда Казакстандын Атырау облусунда Тенгиз кениндеги заводдо жаңжал чыккан. Ага ливиялык жумушчу Ели Дауддун рациянын антеннасы анын артында турган казак улутундагы кыздын оозунун деңгээлинде жайгашкан жана сүрөткө каткырып күлгөн быйтыкча кошулганы себеп болгон. Жергиликтүү жумушчулар бул сүрөттү кемсинтүү деп эсептеп, араб кызматкерлерин сабап салышкан.


Казакстанда сабалган ливиялык жумушчу кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Romantik.
2019-07-01 09:12:47
Ал эле сүрөт эмес да, тигил Казашка кыз менен тепкилешкен видеосу да жүрөт ко.
+8
bond02
2019-07-01 15:06:17
Romantik.,каяктан корсо болот ал видеону?
0
BegimaiBegimai
2019-07-01 09:43:45
тушунбодум суротко тартып койсо эле ушунча жанжалбы шылдындаганын коргон жокмун
-10
meni_kut
2019-07-01 23:28:34
BegimaiBegimai,видео бар экоонун 18+ Ошого сабашыптыр
0
Dembele84
2019-07-01 09:58:41
Видео да жуктогон жери бар экен казашка кыз менен болгон
+6
Akzhol000
2019-07-01 14:12:25
Каякта журот
+4
Omush94
2019-07-01 18:07:07
Намыска жарады казак туугандар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан