Орусиянын Челябинск шаарында көчөдөн аял ири суммада акча таап алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун үйүнүн жанынан ичинде толо акча сумканы байкаган. "Сумканын ичинде доллар жана рубль болгон, анын жалпы суммасы 1 миллион рублду түзгөн. Акчадан сырткары сумканын ичинде банктык карталар жана башка документтер табылган. Полиция кызматкерлери акчанын ээсин таап, аны кайтарып беришти", - деп айтылат маалыматта.