Лондондун түштүк аймагында жашаган Ламбет аттуу жаран өзүнүн короосунда учактан кулап түшкөн адамдын жансыз денесин тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери маркум учактын шассиси турчу бөлүктөн кулап түшкөн деп болжолдошкон. Найробиден Лондондун "Хитроу" аэропортуна бара жаткан учак конууга даярданып шасси бөлүгүн ачканда жаран кулап түшкөн. Полиция кызматы жарандын аты-жөнүн аныктоого аракет кылып жатат. Териштирүү жана экспертиза окуя кандай болгонун көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.
Айрым маалыматтарга караганда, маркум Кениядан Улуу Британияга чейин билети жок учак менен жетип алууну көздөгөн.