Норвегиянын Израилдеги элчисинин Тель-Авивдеги резиденциясына граната ыргытылды. Окуя кечээ, 19-июнь күнү кечинде болгонун Reuters агенттиги Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саарга шилтеме берүү менен жазды.
"Норвегиянын Израилдеги элчиси Пер Эгил Селвааг менен сүйлөштүм. Анын короосуна бүгүн кечинде граната ыргытылган",- деген Саар.
Ал бул коркунучтуу кылмышты кескин түрдө айыптай турганын кошумчалады. Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги окуя учурунда элчиликтин кызматкери жабыркабаганын билдирет.
Израил полициясы мүлккө анча чоң эмес зыян келтирилгенин, иликтөө иштери башталганын белгилеген.