Кытайда 1 айдан бери тынымсыз жааган нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, 60 адам каза болду. Дагы 14 адам дайынсыз жоголгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Кытайдын 8 облусунда - Чжэцзян, Фуцзянь, Цзянси, Хунань, Гуандун, Гуйчжоу аймактарында 1 ай тынымсыз жамгыр жааган. Бул аймактарда 49 шаар жана 5 миллион 300 миң калк бар. Анын ичинен 356 миң жашоочу коопсуз жерге көчүрүлгөн.
Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 270 миң гектар эгин талаалары, 93 миң турак жай талкаланган. Келтирилген чыгым 13 миллиард 3 миллион юанды (болжол менен 2 миллиард доллар) түзгөн.