Израил армиясы Ирандын өзөктүк программасын жана ракеталык потенциалын жок кылуу боюнча узак мөөнөттүү операцияга даяр. Бул тууралуу 20-июндагы брифингде Израил армиясынын расмий өкүлү Эфи Дефрин билдирди.
"Иранда биздин кошумча буталарыбыз бар. Биз чабуулду планга ылайык өнүктүрөбүз жана коркунуч жок кылынмайынча узак мөөнөттүү операцияга даярбыз",- деп жазышты чет өлкөлүк басылмалар анын сөзүн.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Тегеран жооп чабуулун жасаган. Эки тараптуу чабуулдар дагы деле уланууда.