Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту “физика, информатика жана эсептөө техникасы” адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юриспруденция” бөлүмүнөн билим алган.
Эмгек жолу:
1999-2006-жылдары “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;
2006-2010-жылдары “БизнесПравоИнфо” ишканасынын директору;
2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
2013-2015-жылдары өкмөт башчысынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;
2015-жылдын май айынан ноябрына чейин экономика министри, вице-премьер-министр;
2018-жылдын 20-апрелинен тартып 2019-жылдын май айына чейин экономика министри болуп иштеген.