Канатбек Азиз Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына тастыктады.
Анын айтымында, тийиштүү буйрукка кечээ, 6-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин ал "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Ал 2018-жылы октябрь айында аталган кызматтан кеткен. Канатбек Азиз 1984-жылы 18-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган.