MegaCom: "Мезгил талабына жараша, масштабдуу өзгөрүүлөргө кадам"

MegaCom компаниясынын алгачкы кадамы 2006-жылдын 28-апрелинде жасалды. Ушул күн мега-түйүндүн расмий түрдө ишке киргизилген күнү катары компаниянын тарыхында кызыл сызык менен өтүп турат. Андан бери компания узак жолду басып өттү. MegaCom байланышы баарлашуу эркиндигинин символу, миллиондогон адамдарды бириктирген, көз ачып-жумгуча керектүү маалыматтарды табууга, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн, ар дайым өз абоненттерине жардамга келген компания болуп калды. MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов жакынкы бир жылдын ичинде ишке ашырыла турган масштабдуу өзгөрүүлөр тууралуу кеп учугун улады.

- MegaСom компаниясынын – мамлекеттик мобилдик оператордун келечек пландары кандай?

- Акыркы 8 ай ичинде MegaCom компаниясынын абоненттик базасы 30 пайызга чейин өстү. Бул абдан чоң жетишкендик. Ошого жараша кирешенин көрсөткүчү да өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча акыркы 5 жылга салыштырмалуу биз алгачкы жолу таза кирешенин планын ашыгы менен аткардык. Кирешенин негизги булагы – телекоммуникация, мындан тышкары кыйыр киреше табуу да каралган, бул жылы биз өзүбүздүн микрокредиттик компаниябызды ачканга даярданып жатабыз. Ал биздин абоненттерге онлайн-кредит алууга мүмкүнчүлүк берет жана күрөө коюунун зарылчылыгы болбойт, келечекте аны толук кандуу MegaCom банкына айландыруу да оюбузда бар.



Азыркы учурда дүйнөдөгү бардык ири уюлдук компаниялар өз банкына ээ. Бүгүнкү күндө телекоммуникация жана каржы рыногу – ажырагыс тармактар. Маселен, Кытайды алалы, ал жакта телекоммуникация жана банк тармагы бири-бири менен тыгыз байланышкан: бардык транзакциялар, акча которуулар жана төлөмдөр мобилдик тиркемелер аркылуу аткарылат.


MegaPay тиркемесинин жардамы менен биздин абоненттик база күндөн-күнгө өсүүдө. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн жогорулашы, эл аралык акча которуулар жана элдин банк карталарына ишеними өсүп жаткандыгы менен байланыштуу.



Сөзүбүзгө аралжы 1-сентябрдан баштап биз Mega Taxi долбоорун ишке киргизмекчибиз. КМШ өлкөлөрүндө өз таксопаркына ээ болбогон такси кызматтары бар. “Яндекс” да алардын катарында. Сервери жана мобилдик тиркемеси гана бар. Ар бир такси чакыруудан 10 пайызга чейин киреше табышат.

- Бишкек шаарынын ар бир тургуну бул кызмат менен пайдалана алабы?

- Ооба, менин оюмча, бул кызмат компания үчүн кошумча киреше табууга жана жалпы өнүгүүгө түрткү боло алат.

Дагы бир долбоорубузга токтоло кетейин. Бул үйдөгү телеберүүнү, үй интернетин жана мобилдик байланышты бир топтом менен кошуп алуу. Ал MegaHome деп аталат.

Биз тармактагы тенденцияларды байкап, кардарлардын ар түрдүү кызматтарды бир убакта жана оңой эле кошуп алууну каалап жаткандыгын түшүнүп турабыз. Ыкчам ылдамдыктагы интернет, мобилдик байланыш жана сапаттуу телеберүү кызматтарын көрсөтүү мыкты чечим болмокчу.

- MegaHome кызматы абоненттерге качан жеткиликтүү болот?

- Тарифтик сунуш бүгүн ишке киргизилет.


Мындан тышкары, биз коммерциялык эмес багыттарды да ишке ашырабыз. Mega Kids социалдык долбоору, тагыраак айтканда, бала бакча ачуу пландалууда.

Бул жерде биздин кызматкерлердин балдары жана Бишкек шаарынын башка өспүрүмдөрү да билим алышат. Биз жаш балдардын сапаттуу билим алуусуна жана жаңы окуу программаларынын киргизилишине көңүл бурабыз.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында биз дагы бир ири долбоорду ишке ашыруу максатын көздөп жатабыз. Ысык-Көлдө кароосуз калган объектилер көп, алардын арасында Совет мезгилинде курулгандары да бар. Убактылуу пайдалануу үчүн каралбай калган пансионат бөлүп берүү сунушу менен өкмөткө кайрылдык. Биз аны заманбап стилде оңдоп-түзөп, коммерциялык багытта сунуштасак, пансионат жыл бою иштеп, спорттук машыгуулар,ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турмак.



Учурда мурдагы Сатуу жана тейлөө борборлорун жаңы форматтагы MegaStore-го которуп жатабыз. MegaStore-до каалаган адам мобилдик телефондорду, ар кандай гаджет жана аксессуарларды жеткиликтүү баада сатып алып, насыяга смартфондорду насыяга баштапкы төлөмсүз алса болот. Документтерди жол-жоболоштурууга болгону 15 мүнөт убакыт сарпталат.

Компания канчалык көп каражат тапса, бюджетке ошончолук пайда. Байланышка болгон баанын төмөндөшүнөн улам киреше да аз болот, мындан улам мекеменин жетекчиси катары бюджетти толуктоонун булактарын табуум керек. Таза кирешени көбөйтүү максатында профилдик эмес багытта да иш алып барууга белсенип турабыз.

Жогоруда мен айткан, тактап айтканда келечекте ишке ашырабыз деген долбоорлор, телекоммуникация рыногунда жаңылык эмес, мисалы Орусиянын уюлдук операторлорунун такси жана банктары бар. Бул зор эмгекти талап кылат. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” кызматкерлерибиз менен биргеликте ийгиликтин пайдубалын түптөй тургандыгыбызга ишенем .

- Маегиңиз үчүн чоң ыракмат, ийгилик каалайм!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан