10 миң рублга чейин... Самара Каримова Орусияда өтө турган концертине сатылып жаткан билеттер тууралуу айтып берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова октябрь айында Орусиянын мамлекеттик Кремль ак сарайында концерт коёт. Учурда ырчы концертке даярданып буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн чагы. Концертте Самара Каримова италиялык ырчы, аткаруучу Ин-Грид менен дуэт ырдайт. Буга чейин ал белгилүү кыргыз, өзбек ырчылары менен дуэт аткарып келген.

Самара Каримова чоң иш-чара тууралуу буларга токтолду.

"Москвага бат-баттан каттап жатам. Концерт бүткөнчө Орусияга байма-бай каттап турганга туура келет. Учурда сүйлөшүүлөр соңуна чыгып, келишимдерге кол коюлду. Ал эми симфониялык оркестрдин, шоу балеттин коштоосундагы даярдыктар октябрда башталат. Азыртадан эле толкунданып жатам. Москвага барсам мекендештерим, кыргыз ишкерлери чакырышып "Азаматсың, сени колдойбуз. Сенин шарапатың менен Кремль ак сарайынын ичин көрөт экенбиз буюрса. Билеттерди эстеликке сактап коёбуз, бул биз үчүн сыймык" дешти. Мындан тышкары, алар концертке ак калпак кийип барышарын айтышты. Орусиядагы жердештерибиздин максаты - маданиятыбыз менен таанылуу экен.

Ар тараптуу колдоо болуп жаткандыктан, биз дагы колубуздан келишинче аракеттенип жатабыз. Орусиянын концерт берүү деңгээли башкача болгондуктан ар бир мүнөт эсептелип жатат. Концерт күнү күйөрмандар саат 17:00дөн баштап залга кирип баштайт. Залдын ичи 6 миң кишиге ылайыктуу экен.

Буюрса Москвадагы концертимди элимдин колдоосу менен өткөрүп алсам, мен үчүн, элим үчүн сыймык болот деп ойлойм. Эң негизгиси элиме кичине да болсо пайдам тийсе экен деген тилектерим ишке ашып жатат", - дейт ал.

Кремль ак сарайында өтө турган концертке билеттин баасы 800 рублдан 10 миң рублга чейин. Мындай сумма көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон, тагыраагы, интернет колдонуучулар билеттин баасы кымбат экенин айтышууда.

"Билет баасы 800 рублдан 10 миң рублга чейин. Мындай бааны "АРТ ПЛЮС" жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу түздүк. Кремль ак сарайында концерт коюунун көп эрежелери, шарттары бар. Мындан улам ушул компания менен келишим түзгөнбүз. Негизи залдын эң артындагы орундар үчүн билет баасы 2 миң рублдан башталат экен. Биз алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүп билеттин баасын арзандаттык. Учурда билеттер электрондук түрдө жана Кремль ак сарайынын кассасында дагы сатылууда.

Мени сүйүндүргөнү алдыңкы орундар үчүн билеттер сатылып, жокко эсе болуп калыптыр", - деп кошумчалады.

10 миң рублга чейин. Самара Каримованын Орусиядагы концертинин билет баасы талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (91)
Samatalibei
2019-08-24 01:33:47
Бул жерде ич куйдулук жок. Болгону 10мин коп акча Кыргызстандагы мугалимдин 1айлык маянасы Концерт белгилениптир Ким барат Ким барбайт ар ким озу билет, менин Бир айлык маянамды чонтоко салып Концертке бараткандарын элестете албай жатамда.
-1
Dembele84
2019-08-24 10:46:45
Samatalibei,Барба сени ким туртуп жатат ал Жака,отур уйдо
-3
asal
2019-08-24 01:41:23
терс пикирин билдирип отургандар москвада кун тун иштеп этин жегендер концертке эле эмес жок дегенде озу учун убактысы жок адамдар
+1
nurhan2702
2019-08-25 21:35:01
asal,башка тузугуроок озубузго жаккан ырчы келсе озуму маданияттуу сезип бармакмын
0
asal
2019-08-24 01:41:38
биз албетте барабыз
-2
Samatalibei
2019-08-24 01:55:33
asal, Этин жегендер дегенин эмнеси? Барагой Айлыктан 10мин аванс алып
+3
Dembele84
2019-08-24 10:48:11
Samatalibei,Колунан келсе барсын эс алсын,
0
Blueaffair
2019-08-24 03:28:16
Эң негизгиси элиме кичине да болсо пайдам тийсе экен деген тилектерим ишке ашып жатат" дегени туура эмес ошончо элдин убактысын алып, ляляля кылганынар учун жооп берип да калышынар мумкун кийин.Элдерге тушунбойм эсалгылары келсе сууга тушуп природага чыгып келсе кандай сонун артистерден тескерисинче чарчайсынго киши.
+1
Take_men
2019-08-24 07:04:15
Ой тообо. Көрө албастык биздин каныбызда бар окшойт. Самара силерден акча сурадыбы? Же мажбурлап сатып жатабы билетти? Кааласаң бар каалабасаң барбай кой. Өзүңөрдүн духуңар жетпегенден кийин унчукпай эле калгыла да. Кремльге концерт койуш чоң энеңердин оюну эмес. Кайра Азамат кыз экен тарыхта биринчи жолу Кыргыз кыз Кремльге концерт берди деп сөз менен болсо да колдоп койбойлубу. Кыргызстандын өнүгүүсүн тормоз кылган да дал ушул көрө албастык.
0
Kuba-savai87
2019-08-24 08:39:38
Азаматсын Самара. Эл, иии Самара эмгек синирген наамын алыптырбы? Жаш эле туруп дегендерге корсотуп койдун Азаматсын Самара. Чындап каттуу эмгектенип атасын бактылуу бол.
+1
Osh2017g
2019-08-24 08:50:41
Оштогу концртине кыздарды гул бердирип заставит эткендей кылып, озунун эле тааныштарын 10000 минге алгыла акчанар кайтарылат билет жетпей жатат деп дуу кылгыла деген жон эле пияр бунуку. Самаранын ушулрын укканда жаман эле аллергия болуп кетесин да
-1
nazi25
2019-08-24 08:59:42
Молодец Самара. Концертин ийгиликтүү өткөрүп алсын. Албетте кыргыздар үчүн сыймык.
-1
kechirmeni
2019-08-24 09:02:57
Анжелика да ойлонуп атса керек мен да койсом болгудай деп
+3
Shanshieva
2019-08-24 11:32:16
100руб болсо да барбайм бир озунун ыры жок ар кимдин ырын ырдайт да дагы заслуженный болуп алганы куйдурот
0
Asking-
2019-08-24 13:20:48
Мм концерт дегиле орто эсеп менен 6000, 7000 болсо 6000 орун болсо жарым миллион акча болот экен охоо самара акчанын тубундо калат экен. Негизи а[moderated]си мунун ишине гана кызыкдар. Кыркы чыкпай ошко бир ай концерт койгонун. Мейли неси болсо да ийгилик
-2
katerina.li
2019-08-24 14:26:00
Asking-,36млн болот. Эсеп сабакты туалеттен отту белен
-4
Dushabolna
2019-08-24 15:19:22
Ушул Самара озун олло озгочо элестетет да. Эч Ким койбогон бааны койот кайсы жерде болсо да. ОЗУ мага окшогон эле Кыз кашы кара козу кара. Чачы кара ал ырдаган ырларды мен деле ырдайм. Токмо акынмын дейт. Только Эски ырларды ырдайт же бироо жазган ырларды. Оздорунун ордун билбей оздорун Отто кыйын сезгендерге тан калам
+1
-adam
2019-08-26 15:47:48
Dushabolna,
Сен да кремлевский дворецте концерт бер анда.
Же бироонун (эски ырлады)ырдап чык .
Анан Самара га окшобой . Озунду кыйын сезбе
0
munira-tilen
2019-08-24 19:53:27
Елге пайдам тийсин дейбии...елден пайда таап атасын го
+2
kalima88
2019-08-26 08:28:10
Мен, мисалы, өзүмдүн жеке ырахатым үчүн барам. Кремль сарайын көрүү бактысы буюрган күндү чыдамсыздык мн күтүүдөмүн.
+1
-adam
2019-08-26 15:44:19
Азаматсыз!Ийгилик!
Буга чейин эч ким Кремлевский дворецте койгон эмес кыргыздардан.
Элдин сизди суйлогону бул уже чоон ийгилик!сизге алтындан кымбат убактысын нервин кетиришкени.
Аракеттин артында ар дайым ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан