2017-жылдын 20-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча жактоочусу, жакындары кайрылып, атүгүл Жогорку Кеңеште депутат Талант Мамытов да суранган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров соттолгон беренеге (ред. барымтага алуу) таянып, кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт деген негизде жаназага катышууга уруксат берген эмес. Арадан эки күн өткөндөн кийин Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилген.
Ушул жылдын 27-март күнү Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова кайтыш болгон. Бул сапар ага уруксат берилип, апасын жерге берүү зыйнатына катышкан.
Кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болду. Жактоочусу Шарабидин Токтосунов "уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына уруксат алуу боюнча президентке жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына катты жолдодук, учурда жооп күтүп жатабыз" деди. Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.
Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал Бишкек шаарында күтүп жаткан тарапташтары менен жолугууга келе жаткан эле.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.
Ушул жылдын 30-апрель күнү Жогорку Сотто иш кайра каралып, Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 1 жарым жылга кыскартылып, 10 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган.
Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.