Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмасбек Абытов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда парламент жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков билдирди.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги буга чейинки өкүлү Ашырбек Темирбаев 16-июлда оорудан улам каза болгон.
1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында туулган.
1988-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. 1993-жылы Илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. 2006-жылы Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетин экономист-математик адистиги боюнча аяктаган.
1988-1993-жылдары Машина таануу институтунун автоматтар жана пресстик комплекттер лабораториясында инженер, ага инженер, кенже илимий кызматкер;
1990-1993-жылдары Илимдер академиясынын аспиранты;
1993-1994-жылдары Инженердик академиясынын президентинин жардамчысы;
1994-1995-жылдары Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай экономикасы башкармалыгынын машина куруу жана конверсиялар бөлүмүнүн жетекчиси;
1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы;
1996-1998-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын жалпы бөлүм башчысы;
1998-2000-жылдары Жогорку Кеӊештин эл өкүлдөр жыйынынын Финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси;
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;
2005-2008-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин ишин камсыздоо бөлүм башчысы;
2008-2009-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын Экономика, бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;
2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;
2010-2011-жылдары Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;
2012-2015-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;
2015-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
2016-2019-жылдары өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
2019-жылы өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары.