"Газпромнефттин" бонустук программасына катышкандардын саны 200 миңге жетти

Ал авто сүйүүчү Тыныбек Темиркулов болду. 2019-жылдын август айынын соңунда "Газпромнефть" АЗСинин биринде кызматкерлер тарабынан “Сапарыбыз бир” программасынын мааракелик катышуучуну сыйлоо иш-чарасы өттү. Катышуучуга Smart TV сыналгысы белекке берилди.

Тыныбек Темиркулов, программанын эки жүз миңинчи катышуучусу:

"Бул жаңылык жана белек мага жагымдуу күтүүсүздүк болду, компанияга ыраазычылык билдирем. Газпромнефттин сапаттуу күйүүчү майын жана жакшы тейлөөсүн ар дайым баалачу элем".

Нурзат Сатыбалдиев, «Газпром нефть Азиянын» чекене соода боюнча башкармалыктын жетекчиси:

"200 000 катышуучунун программага кошулганы биздин компания үчүн эсте каларлык окуя. Бул биздин кардарлар сапаттуу күйүүчү май жана мыкты тейлөөнү тандайт экендигин дагы бир жолу тастыктайт. Биздин программа менен эки жүз миң катышуучу бонустук упайды топтой алышканы кубандырат".

Маалымат үчүн:

"Газпромнефть" тармагынын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - чогултулуучу бонустук программа. Ал өлкөдө 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Программанын катышуучусу 200 сомго лоялдуулук картасын алып, “Гаспромнефть” АЗСинен сатып алуу жүргүзүп, упай топтой алат. Чогултулган упай аркылуу ар түрдүү товар үчүн төлөм жүргүзө алат, 1 упай 1 сомго бааланат. Буга кошумча программанын катышуучуларына атайын акциялар өткөрүлөт.


кошулду
«Газпромнефттин» «Сапарыбыз бир» лоялдуулук программасына 200 000-катышуучу кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан