1941-жылы 17-ноябрда Кыргыз ССР Эл комиссарлар кеңеши тарабынан Фрунзе кинохроника студиясын уюштуруу тууралуу токтомго кол коюлган. 1961-жылы киностудия "Кыргызфильм" деп аталган. 1991-жылы Советтер Союзу урап, карапайым эл жегенге нан таппай турган чакта жаңы муун кыргыз киносунун жок болуп кетишине жол бербей, улуттук кино өндүрүшүн түптөгөн. Бул курамда режиссёрлор Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу, Темир Бирназаров жана башкалар болду. 1994-жылдан тартып 17-ноябрь - Кыргыз улуттук киносунун күнү деп белгиленип келет. Андан бери кыргыз киносу өнүгүп, эң беделдүү эл аралык кинофестивалдардан байгелүү кайтууда. Андыктан Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки кино өндүрүшү тууралуу кеп кылабыз. Сиз Кыргыз улуттук киносу тууралуу эмне билесиз, тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.