Түркияда сойкулук менен алектенген кыз-келиндер кармалды. Арасында Кыргыз жараны бар

Түркияда сойкулук менен алектенип жүрөт деген шек менен 2 чет элдик кыз-келин кармалган. Алардын бири Кыргыз жараны экенин түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Черкезкөй шаарында полиция кызматы сойкулукка каршы иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында укук коргоочулар 3 адамды кармаган. Алардын бири кыз-келиндерди сатканга ортомчу болуп жүргөндүгү аныкталган. Ал эми кармалгандардын бири Кыргыз жараны, бири Өзбек жараны болгон.

Ортомчу болгон жаран "Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо" беренеси боюнча айыпталып камакка алынган. Эки чет элдик кыз-келинди мекенине депортация кылуу үчүн миграция кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dembele84
2019-11-27 10:36:59
Озу Туркияда иштеген бойдок кыздарыбыздын 60%-70% и эле сойкулук менен алектенет окшойт деген шек кетет да.Билингени ушул болсо ещё билинбегени канча дейм да....
+2
Crokus
2019-11-27 21:37:55
Dembele84,Кайсы маалыматка таянып айтып жатасынар,же доказательствонор барбы?Ал жакта жургондор Кыргызстанда жыргаганынан кеткен жок,уй-булосун,ата-энесин багууга,каражат табууга кеткен.Кана эле эркектерибиз уйдо олтургузуп,эч нерседен кем кылбай бакса жыргап эле олтурмакбыз.Тен тайлаша иштеп уй-було багып жатабыз.
-2
Dembele84
2019-11-27 22:34:03
Crokus,Уй булону арам акча сойкулук менен баккандын ордуна пол жууп же идиш жууп адал акча менен баккан жакшы,же эркек жаман деп эле сразу барып бир турктун астына жата калыш керекпи!!Жакшы аялдар бир жакшына эркектери менен жашап журот,ажырашканы деле сойкулуксуз эле бир жакшына тирилик кылгандар бар.Ою кыска кок мээлер ошондой ишке барып кыргыз атын булгап журушот
-1
Nestana95
2019-11-27 23:24:34
Dembele84,мен барып иштегем,2 жыл,,, ушундайларды укканда ыйлагам,ыйлагым келген((((эн окунучтуусу,кыргыз эжелерге,таянар байкелерге ишеничим олгон,,,,озум ак эмгегим м.н иштеп,ата-энем берген тарбияга ыраазы болдум...Баарын эле жаман дебеш керек,, арасында мага окшоп татына барып келгендер коп
+2
Dembele84
2019-11-28 10:01:37
Nestana95,Мен да баары деген жокмун 60-70%ти деп жаздым,конечно арасында мандай тери менен тапкандар коп и женил акчага чуркагандар андан коп
0
bond02
2019-11-27 11:47:46
Кайсы жерде сойкулук болсо ошол жерде арасынан биздин кыз келиндер бар болуп чыгып жатат, бул эмне деген шумдук.
+5
Munarbek98
2019-11-27 11:54:46
Ошонун баарына эркектер биз куноолубуз. Кыздарыбызды, эже-карындаштарыбызды чыгарбашыбыз керек сыртка. Аял кишини Бешиктен, Кабырга чейин эркек багууга милдеттуу.
+13
Dembele84
2019-11-27 22:46:40
Munarbek98,беш кол тен эмес,суйлоп эле койо бересин сен,мамлекет онолуп зарплата которулмойунчо,любою каалаган жагына кете берет,кобуроок акча табуу учун.Ыйман болбосо ою туз болбосо сенин айтканын бир тыйын!
-1
JaneEr
2019-11-27 12:08:43
Турцияга кыздарды жибербей эле койбойб ойбу жалан сойкулар.Россияда иштесе болотко.Туркторго караганда орустар жакшы.
+8
assr
2019-11-27 15:19:15
Сен айткандай чыгарбасак жакшы дечи.бирок чыкса эле бузулса анда өлүптүр кыздар.ойлонгулачы үйдөн чыкса эле бузулуу шартпы анда өлсүн ошо кыздар кыргыз кыздар
+1
prorab
2019-11-27 18:31:03
Даа, абдан өкүнүчтүү, тиги ортомчу катынды түп орду менен көзүн тазалаш керек.
0
Nestana95
2019-11-27 23:26:53
Ал жакта озбектер коп, КЫРГЫЗСТАН дын паспорту менен.Анан ким жаман,албетте паспортто турган кыргыз жаман
+2
Mister-X
2019-11-28 00:56:22
Турк эркектери кыздарды бузуп, кумарын кандыруу учун баардык нерсеге барат.Башка жакка барсанар да Турцияга барбагылачы.
0
Omush94
2019-11-28 09:28:14
Кыздарга ынсап берсин, бербесе кыйын да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан