Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Сотто мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отуруму болуп өттү. Анда Салянованын иши ачылган жаңы жагдайлар боюнча карала баштаган. Бүгүнкү отурумда Жогорку Сот ишти кайра кароого жиберүүдөн баш тартты.
Ушул жылдын 5-сентябрында Жогорку Сотто мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отуруму жаңы жагдайлар боюнча карала баштаган.
Маалым болгондой, Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда, кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон.