Свердлов райондук соту "Азаттык", "24.kg" жана "Kloop" сайттарынын банктык эсебин камактан чыгарды

Бишкектин Свердлов райондук соту "Азаттык", "24.kg", "Kloop" сайттарын жана журналист Али Токтакуновдун банктык эсебин камактан чыгарды. Мындай чечимди бүгүн, 13-декабрда судья Жылдыз Ибраимова чыгарды.

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов "Азаттык", “Kloop” жана "24.kg" сайтын сотко берген.

Өткөн аптада УКМКнын сурагына күбө катары келген Райымбек Матраимов: "Менин аброюма шек келтирип, мен тууралуу жалган маалыматтарды тараткан Али Токтакунов, Ширин Айтматова жана башка журналисттерди сотко бердим. Ал эми "Азаттык" менен соттошууга эл аралык деңгээлде даярданып жатабыз" деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан