Бүгүн, 14-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралууда .
Ага Равшан Жээнбеков алынып келди. Ал бөгөт коюу чарасы каралар алдында курулай жалаа жабылып жатат деп билдирди. Саясатчы белгилегендей, аны "бирөө айтты" деген сөздүн негизинде кармашууда жана эч кандай кармоого жетиштүү жүйө жок.
Буга чейин ал Кой-Таштагы окуя боюнча барымтага алган деп кармалган.