Журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин буга чейин Нарынга барып жыйын өткөргөндөгү видеосу менен бөлүштү.
Ал муну интернет желесинде Ташиев барып кеткенден кийин жолдо жумуш 2-3 күн гана жүрүп, кайра токтоп калды деген кептер себеп болгону менен түшүндүрдү.
Видеодон атайын кызматтын жетекчиси былтыр Нарын облусу боюнча оңдоло турган жолдордун 20 пайызы гана аткарылганын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерди жемеге алганын угууга болот.
"Нарын облусу жол боюнча өтө жаман жана кыйын акыбалда... Албетте, эл нааразы болот да. Бузулган жер бузулган бойдон, чачылганы чачылган, жасалбаганы жасалбаган бойдон. Оюлган, чоюлган бойдон жатат", - деди ал.
Ташиев ошондой эле облус боюнча быйыл канча чакырым жол пландалганы тууралуу маалымат алып, анын аткарылышын өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.
Буга чейин Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Кийинчерээк социалдык тармактарда Ташиев кетери менен аймакта иш жүрбөй калганы тууралуу маалымат жарыялана баштады. Ал тургай интернет желесинде Нарындын көйгөйүн кайрадан ырга салынып айтылган видео тарады.