Бүгүн, 16-декабрда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө башкармалыгында сурак берүүдө. Чакыруу саат он бирге келген. Саат 11:30дан өтүп Жолдубаева жактоочусу менен суракка кирген. Учурда сурак аяктай элек экенин жактоочу Замир Жоошев маалымдады.
"Азыр тыныгууга чыктык. Буга чейин дагы бир жолу тыныгуу болду. Бирок сурак улантылат. Бүгүн негизинен Кундуз Жолдубаева менен бир нече адамды беттештирүү болууда. Беттештирүүдө кимдер бар экенин тергөөнүн маалыматтарын жайылтпоо тил катын жазып бергенге ылайык ачык айта албайм", - деди ал.
Буга чейин маалымдалгандай, Кундуз Жолдубаевадан ИИМ Кой-Таштагы окуянын тегерегинде сурак алууда.