"Коррупцияны Бабановдон баштайм, 25 суроом бар дедиңиз эле, ал суроолор качан берилет?" деген суроого президент Жээнбековдун жообу

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өттү.

Анда журналист: "Жакында эле Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин жарыялады. Бул боюнча пикириңиз кандай? Президенттик шайлоо алдында ишиңизди коррупция менен күрөшүүдөн, анын ичинде Бабановдон баштаарыңызды, ага 25 сурооңуз бар экенин айткансыз. Ошол суроолор качан берилет?" - деген суроону берди.

"Өмүрбек Токтогуловичтин партия лидерлигин өткөрүп бергенин иш сапарында жүрүп уктум. Ал чоң саясатта, чоң бизнесте жүрдү. Президенттик шайлоодо мага башкы атаандаш болгон. Кийин кандайдыр бир себептер менен өлкөдөн чыгып кетти. Ал окуяда менин атымды аралаштырууга аракет кылышты. Бабановдун таржымалы чоң саясат менен чоң бизнестин кызыкчылыктарынын аралашып кеткендигинин эң чоң үлгүсү.

Кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат. Чындыгы бар болсо, чындыгын көрсөтсүн, актансын. Мүмкүнчүлүк түзүлдү.

25 суроону азыр мен берген туура эмес. Тергөө берет, менин билишимче, ар кандай иштер бар дейт, муну эми убакыт көрсөтөт", -
деди президент.

Жээнбеков: “Атамбаевдин тагдыры жүрөгүмдү оорутат“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан