Өмүрбек Бабанов Москвага кайра учуп кетти

Мурдагы депутат, саясатчы Өмүрбек Бабанов Москвага кайра учуп кетти. Маалыматты тарапташтары тастыктап, ал бүгүн кеткенин билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бабанов аба майдандагы көзөмөл постунан тоскоолдуксуз өткөн.

"Ал өлкөнүн ичинде да, өлкөдөн сыртка да эч тоскоолдуксуз жүрөт" дешти анын тарапташтары. Ошондой эле алар Бабановдун Москвага эмне себептен кеткенин так билишпей турганын, бирок кайтып келерин кошумчалашты.

Ал эми жеке булактар берген сүрөттө Өмүрбек Бабановдун жанында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев отурат.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Ага УКМК 2 кылмыш ишин козгогон, анын бири токтотулган. Ушул жылдын 9-августунда Бабанов өлкөгө кайтып келген. Андан кийин аны Финпол менен УКМК бир нече ирет суракка чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
osor
2019-09-26 12:30:42
Бизнестерин контрольдогону кетсе керекта жанындагы депутаттында улушу барго дейм
0
aiba.8327
2019-09-26 12:59:24
Камаш керек болчу ....
-9
Kairat1996
2019-09-26 13:49:22
aiba.8327,
Сокенин озу камалат. Азыркы Сооронбай кетмейинче бизде жакшылык болбойт. Ойлонуп коргулочу Соорорнбайлар оздору кимдер эле. Эч кандай кадыр баркы, элге жакшылык кылышкан эмес. Эми минтип Атамбаевтин колдоосу менен келип алып, Кыргызтанга оз билемдик кылып алганы кандай болсун. Сооронбай келгенде эмнебиз менен жыргап кеттик. Сооронбай озу иштей албайт же бироону иштетпейт. Сооронбайды кетиребиз. Бийлик сооронбайлардын менчиги эмес. Жээнбеквтордон калыстык кутпогуло. Жээнбековтун би
+5
Altyn.bala
2019-09-26 15:44:31
Kairat1996,туптуура!Аз калды буюрса.Соргонбай озу да камалат.Бул шайлоодон мыйзамсыз откон ошол иши учун камалат.
+3
Bekobala
2019-09-27 10:23:02
Kairat1996, Жээнбеков сага не кылды тамагыны тартып алдыбы
-2
talant87
2019-09-26 13:03:35
Иште налогун толо иште дейт элем ар Бир кыргыз ишкерлерине
+3
Bektur2011
2019-09-26 13:17:25
Бабанов жооп бере турган күндөр алдыда.
-6
JaneEr
2019-09-26 17:41:53
Bektur2011,Не кылды жооп бергидей?Айыбы жок эч кандай.
+5
Absamat-90
2019-09-26 13:20:20
Азыр Москвага барган Нарынга же Колго баргандай эле болуп калды, бугун кетсе эртен кайра келет. Ушундай саясатчы бизнессмендердин кадамынан жанылык окуп эле калдык.
+7
aza84
2019-09-26 14:01:51
Бабанов биз сиз менен.
-2
Jelezo
2019-09-26 15:39:13
aza84,кошо учбайт белең.
-3
altyn-kumush
2019-09-26 14:17:21
Бабанов бизнесин жайгарып коюп кайра келет го. Ал кылмыштарына жооп берет.
+2
KAYRATBEK
2019-09-26 15:34:48
Кыргызстанда бир аз болсо да жылыш бар. Баардык жактан. Буну бир гана жакшылыкты коро албагандар гана коро албай атышат. Себеби алардын козун жамандоо майы баскан.
+2
Rajo100
2019-09-26 15:48:44
Акчан болсо калтада дем аласын Ялтадада деген соз барго, анын мнеси тан калыштуу? Акча коп баарын сатып алат и жолун табат Омурбек
-1
titanik32
2019-09-26 15:50:52
Каяктан учуп кетти,Канттагы Россия авиябазадан учбадыбы деги.?
-2
senchi
2019-09-26 18:00:55
Туугандарга жан таркан бул келсе туугандар кобойот.
+2
akmanai
2019-09-26 22:53:56
senchi, Дагы улутуна асылып атасынарбы. Мындай ой жугуртуудо оною менен сабатсыздыктын сазынан чыкпай калдык го. Атасы кыргыз. Кыргыз бул. Апасы кыргыз болбой калганы учун куноолуу эмес да. Улутуна эмес жасаган ишине баа бериш керек
+1
suban78
2019-09-27 05:48:14
akmanai,туугандар деп башка ойдо жазды. Бир суроо да, кайсы президент ушундай чон кылмыштарды ачты эле Сокеге окшоп ким айталат. Эмнени жеп салды Соке. Жалпылап айта бербей так айтсанар биз да билет элек. Же ошол камалгандардын тарапташтары ичи куйуп жазып жатышабы
0
Attila88
2019-09-27 09:52:45
suban78,ашанын убагындагы коррупцияга малынгандардын туугандары сокени даман коруп жатышат.
-1
Attila88
2019-09-27 09:51:24
akmanai,эмне иш жасап кыйратты деги
-1
Attila88
2019-09-27 09:46:07
Эх аланкоз бабашка.аша мн соке урушса митинг болсо пайдалана калайын деп келе калдыле Кыргызстана.кайра авторитет мурункудай болбогонун коруп камалышын билип куйругун туйгонго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан