Азат Исакунов: Стартаптарга 1 миллион доллар! Көздөгөнүбүз - мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшүнө салым кошуу

Жеке ишкер, меценат Азат Исакунов “Жашоо булагы - инвест” инвестициялык программасынын алкагында, “Стартаптарга миллион доллар” аталышындагы өлкө ичиндеги ири долбоорун жарыялайт. Долбоордо уникалдуу, инновациялык, жаратман, перспективдүү стартаптар жана бизнес-идеялар колдоого алынат.

Алгачкы этаптагы стартаптарды каржылоого жалпы суммасы 1 миллион АКШ доллары бөлүнөт. Бир стартап долбоор үчүн - анын креативдүүлүгүнө, жаңылыгына, жана перспективдүүлүгүнө карата орто эсеп менен 100 миң доллардын айланасында каражат бөлүнөт. Долбоордун шарты боюнча: эгерде бизнес-проект өзүнүн уникалдуулугу жана эксклюзивдүүлүгү менен айырмаланса, ага көрсөтүлгөн каражаттан жогору да бөлүнүшү мүмкүн.

Стартаптарды каржылоо – пайызсыз, эч кандай күрөө талап кылбайт. Долбоордун негиздөөчүсү бардык тобокелдиктерди өзүнө алат.

Долбоордун максаты: Кыргызстандын бардык аймактарынан келген стартап долбоорлорду каржылоо жана колдоо, жаш жаратмандарды колдоо, ишкерликке ашыктыруу, элдин сырткы миграциялык агымын кыскартуу жана жаңы жумуш орундарды түзүү, өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу, аймактарды өнүктүрүү.

Долбоордун талапкерлерине коюлган талаптар:

Долбоорго катышуунун критерийлери:

  • Долбоорго 18 жаштан жогоркулар катыша алышат.
  • Жеке жана тайпалык өтүнмөлөр (заявка) кабыл алынат. Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт.

Сиздин бизнес-планыңыздагы карала турган бөлүмдөрдүн мүнөздөмөсү:

  • Долбоордун ээси жана анын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат
  • Долбоорду баяндоо
  • Долбоордун негизги катышуучулары тууралуу маалымат
  • Продукт тууралуу маалымат
  • Продукциянын рыноктогу маалыматы
  • Уюштуруу планы
  • Сатуу жана сатыш маркетингинин планы
  • Өндүрүш планы
  • Социалдык-экономикага жана экологияга болгон таасири
  • Каржылык планы
  • Долбоордун тобокелдигин талдоо

Долбоор кандай тандалат:

Долбоор бир катар этап менен өтөт. Бардык этаптарда эксперттик комиссия комплекстүү түрдө бизнес-долбоорлорду баалап, долбоордун катышуучулары бир катар тайпаларга бөлүнөт. Алардын негизгилери:

  • Уникалдуулук, жаңылык, креативдүүлүк жана перспективдүүлүк;
  • Бизнес-моделдин масштабдуулугу жана анын рыноктогу көлөмү;
  • Бизнес-моделдин пайда алып келген мүмкүнчүлүгү (потенциалы);
  • Долбоорду ишке ашыруудагы тайпалык ылайыктыгы;
  • Долбоордун кирешелүүлүгү;
  • Жаңы жумуш орундарды түзүү мүмкүнчүлүгү;
  • Долбоордун импортту алмаштыруучу жагы.

Долбоордун алкагында: күчкө салып иштетүү, балдардын эмгегин талап кылган, тамеки жана алкоголдук продукцияларын өндүрүү жана сатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген сунуштар каралбайт.

Долбоордун катышуучуларына ким баа берет:

Долбоордун катышуучуларына бизнес тармагындагы жана өлкөдөгү абройлуу инсандардан куралган компетенттүү комиссия баа берет. Долбоор ачык, таза жана айкын өткөрүлөт.

Долбоорго катышуу үчүн коюлган талаптар:

  • Жогорудагы шарттарды эске алуу менен, бизнес-долбоорду иштеп чыгуу;
  • Даяр бизнес-долбоорду жана толтурулган өтүнмөнү (заявка) электрондук дарекке жөнөтүнүз: office@jashoo-invest.kg

Өтүнмөнү биздин сайтка кирип, толтурсаныз дагы болот:
www.jashoo-invest.kg

  • 20–январдан баштап ар бир жаңырган айдын 20сына чейин өтүнмөнү калтырууга жетишиңиз (өтүнмөлөр 2020-жылдын ар бир айында кабыл алынат).

Маалымат үчүн байланыш тел: +996 778 28 81 84, www.jashoo-invest.kg

e-mail: office@jashoo-invest.kg

Эгерде сен жаш, креативдүү жана мыкты бизнес-идеяларга бай жана командаң болсо, анда биз сени күтөбүз. Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба!

Азат Исакунов: Көздөгөнүбүз - мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшүнө салым кошуу

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан