Тимур Файзиевден кылымдын үч өзгөчөлүгү

XXI кылым жашоонун шар ыргагы, технологиялардын өнүгүүсү жана эң башкысы заманбап агымга жооп берген жаңы билимдердин зарылдыгы менен айырмаланып турат.

Дал ушул 21-кылымдын жаңы актуалдуу маалыматын кыргызстандыктарга ийгиликтүү ишкер, девелопер, Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиев бөлүшүүгө даяр. Ал муну Фархад Таалайбекович менен биргеликте “Кылымдын үч өзгөчөлүгү” деп аталган тренингинде бөлүшмөкчү. Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында 2020-жылдын 25-январда болуп өтөт.

Тимур Файзиев ишкердикти ачык-айкын жана адилеттүү жүргүзүүнү жактайт. Бай жана ийгиликтүү лидер болуу үчүн өз тажрыйбасы менен ар дайым бөлүшүүгө даяр. Баалуулуктарынан улам, Тимур Файзиев жеке жетишкендиктерине таянуу менен гана билгенин айтып берет. Дал ошол үчүн Elite House компаниясы иштеп жаткан 6 жыл ичинде олуттуу ийгиликтерге жетип, бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинин аймагында жана анын чет жакасында эң мыкты курулуш компаниялардын бири катары болуп эсептелет.

Мына ошондон улам да, Тимур Файзиевдин максатка жетүүдөгү ыкмалары жана принциптери ар бир адамга пайдалуу болот деп айтууга болот. Тимур Файзиев өлкөнүн жарандарынын бакубаттуулугу жана адам ресурстарынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Ал бир канча жолу өз иш-чараларында чоң аудитория чогултканы маалым. Ишкер-меценаттын өзү бекем кармаган позициясы, билгенин бекер бөлүшөрүн белгилей кетүү керек. Тренингге катышуу үчүн болгону 0(558) 888-888 телефон аркылуу катталуу керек.

Бул жолу Файзиев ийгиликке жетишүүнүн сырларын гана эмес, заманбап технологиянын кылымында ишкердикти жүргүзүү жана жашоонун бат ыргагынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо, ийгиликтүү ишкердик түзүү тууралуу айтып берет.

Ошондой эле, иш-чарада бизнес-тренер жана чечен Фархад Таалайбекович да болот. Аталган конок да “XXI кылымдын үч башкы өзгөчөлүгү” темасында өз көз карашын ачыктап берет. Ал өзү үчүн үч өзгөчөлүктү бөлүп көрсөттү. Алар: ылдамдык, өзгөрүүлөр жана кризистер.

Спикерлер XXI кылымда ишкердик жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде экендигин жана бул теманы толук ачып берүүнү пландап жатышат. Андан тышкары, эффективдүү иш алып баруу үчүн кандай ыкмалар керектигин жана ишти кантип ийгиликтүү өнүктүрүүгө болорун баяндап беришет.

Тимур Файзиев билим – бул болочоктогу ийгиликке жетүүнүн шарты экенин так түшүнөт. Интеллектуалдык жана өнүккөн өлкөнү түзүү үчүн элди акча табууга үйрөтүп, ийгилик жаратуу керек жана гүлдөгөн Кыргыз өлкөсүн бирге куруу зарыл.

Иш-чарага Elite House курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылат.

Учурду куруп, келечекти жаратабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан