Бүгүн, 23-январда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жабык соттук отурум өттү.
Буга чейин процесске катышып жаткан төрт айыпталуучуга айыптоо актылары жарыялангандыгы айтылган. Отурумдан чыккан жактоочу Замир Жоошев отурумда Улуттук гематология борборунун кызматкери күбө катары көрсөтмө бергенин айтты.
"Бүгүнкү процессте Елена Гавриленко аттуу Улуттук гематология борборунда иштеген лаборант келип көрсөтмө берди. Ал дарыгер-лаборант депутаттык комиссия Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү туура болгонбу же жокпу? деген суроону тактап жатканда медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында катышканын айтты. Гавриленко "Гематология борборунда, Абдухалим Раимжановдун сейфинде, Азиз Батукаевдин сөөк мээсинин үлгүлөрү бар экен. Ошону алып изилдегенде, чынында эле лейкоз менен ооруй тургандыгы аныкталган" деп жатат. Анан биз "Сиз 100 пайызга ошол үлгүлөр Батукаевге тиешелүү деп айта аласызбы?" десем, "айта албайм" деди. Эмнеге дегенде "мен алган эмесмин" дейт. Эми эмне кылыш керек? Ал үлгүлөр Батукаевге тиешелүү болгонбу же башка адамгабы десек "аны аныкташ үчүн кайрадан Батукаевден анализ алыш керек" деп жатат. Демек кайрадан изилдөө жүргүзүлүп, эки анализди салыштыруу керек", - дейт жактоочу.
Буга чейин соттун чечими менен УКМКнын имаратында өтүп жаткан процесс жактоочулардын сотко бир нече жолку келтирген өтүнмөлөрүнөн кийин сот залына которулган.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.