Социалдык тармакта Бишкекке келген алгачкы Lamborgini`ни талкууланууда

Акыркы 3 күндөн бери Бишкек шаарында ток сары түстөгү Lamborgini спорткары пайда болгону тууралуу сөз кылышууда. Социалдык тармактын колдонуучулары унаа менен сүрөт, видеолорду жүктөшүүдө. Айрым бактылуу адамдар Lamborgini менен селфи кылганга да үлгүрүштү.

Шаардыктардын көпчүлүгү Кыргыз өлкөсүндө кездеше элек спорткарды ким алып келди деп суроо салышууда. Эми бардык маалыматтарды ачыктоо маалы келди. Lamborgini Huracan "Elite House" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиевге таандык. Ток сары түс "Elite House" компаниясы ребрендинг жасагандан кийин фирмалык белгисине айланган компаниянын жаңы логотип жана түсүнө окшош.

Lamborghini Huracán LP 610-4 унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 5,2 литр, 10-цилиндрлүү, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 610 аттын күчүнө барабар. 3,2 секунд аралыгында 100 чакырым/саатка күүлөнө алат. Эң жогорку ылдамдыгы саатына 325 чакырым. Коомго автоунаа Тимур Файзиевдин 2020-жылдын 25-январында Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтчү бизнес-тренингинде презентацияланат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан