"Керемет Банк" контактсыз VISA карталардын ыңгайлуулугун баалоого чакырат

"Керемет Банк" эл аралык төлөм аткаруу Visa системинин контактсыз карталарын чыгара баштады. Кадимки карталардан контактсыз карталардын айырмасы, ал менен сатып алган товарга PIN-кодду баспай туруп көз ирмемде төлөм аткарса болот, болгону кассадагы эсептөө түзүлүшүнө картаны тийгизип коюу керек. Контактсыз төлөм аткаруу технологиясы, картадан атайын терминалга төлөм жөнүндө маалыматты, атайын радиоканал аркылуу өткөрүп берген ичинде камтылган микрочипти колдонууда негизделген, ал адатынча «payWave» логотиби менен белгиленет.

«Керемет Банктын» контактсыз карталарынын биринчи колдонуучулары анын артыкчылыктарын баалаганга дагы жетишип калышты.

  • Ыңгайлуу жана тез. Картаны эсептөө түзүлүшүнө жакындатып коюу жетиштүү жана 1 000 сомго чейинки чек төлөнүп калат – бул май куюу станциясында, кафеде жана магазинде майда-чүйдө сатып алууларды аткарууда убакытты бир топ үнөмдөйт. Эгерде төлөмдүн суммасы миң сомдон ашык болсо, коопсуздук максатында PIN-код басуу талап кылынат.
  • Коопсуздук. Контактсыз төлөм аткарып жатып, кожоюн картаны колунан коё бербейт жана бөтөн адамга бербейт.

Бул инновация дүйнө жүзүндөгү колдонуучулардын арасында популярдуу болууга жетишти, Кыргызстанда контактсыз терминалдар ири соода тармактарда жана сервистик тейлөө түйүндөрдө бар.

Контактсыз төлөм аткаруу процесси төмөнкүчө түрдө жүрөт:

  • кассир киргизген төлөмдүн суммасы текшерилет;
  • контактсыз картасы «payWave» логотиби бар эсептөө түзүлүшүнө жакын алып барылат, үндүү сигнал чыгат жана дисплейде төлөмдү тастыктаган жазуу пайда болот;
  • сатуучу чекти басып чыгарып берет;
  • Контактсыз төлөмдү колдогон атайын эсептөөчү түзүлүшү жок болуп калган учурда, төлөмдү адаттагы жөнөкөй POS-терминал аркылуу аткарса болот.

Баарыңарды «Керемет Банктын» контактсыз карталардын колдонуудагы ыңгайлуулугун баалоого чакырабыз! Кошумча суроолор болсо ОАО «Керемет Банктын» күнү-түнү иштеген контакт-борборуна (0312) 55 44 44 номуру боюнча кайрылса болот же суроону расмий сайттан жөнөтсө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан