«Акнет» компаниясынын 2019-жылдагы негизги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы

1. Абоненттик база менен иштөө

2019-жылы «Акнет» компаниясынын ишмердүүлүгү учурдагы абоненттик базаны кармап туруу жана аны сактоо, ошондой эле кардарлардын өсүшүнө жараша жаңы тармактарды ишке киргизүү менен учурдагыны кеңейтүүгө багытталган. Компания ушунча жылдан бери алар менен бирге болуп, дайыма өз талаптарына адилеттүү жана ачык пикирлеш болуп кызматташканы үчүн өз кардарларына терең ыраазычылык билдирет. Колдоо жана кемчиликтерди айтып туруу «Акнет» үчүн баа жеткис, мындан дагы жакшы иштөөгө, чоң ийгиликтерге умтулууга жана жакшы жагына өзгөрүүгө шыктандырат. Компания аракеттерди дагы күчтөндүрүп, бул абоненттер үчүн позитивдүү гана эмоция алып келет.

2. Штаттагы кызматкерлерди толугу менен легалдаштыруу

2019-жылы кызматкерлерди толук легалдаштыруу үчүн абдан чоң иштер жасалган. Мурда расмий катталбаган кызматкерлер деле айлык алып иштеп келишкен. Бул биринчи кезекте компаниянын имиджи үчүн ийгиликтүү болгону айтылып келген. Жогорку квалификациялуу адистерди «Акнетке» ишке орноштуруу жана туруктуу айлыгын банктык картасына которуп төлөө, жыл сайын акча төлөнгөн эмгек өргүүсүн берүү, ошондой эле ден соолугун чыңдоого акы төлөнүүчү эс алуу күндөрүн берүү, жеңилдиктер мыйзамда көрсөтүлгөндөй бекитилген. Ошондой эле эмгек тажрыйбасы бар кадрларга пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да каралган. «Акнет» мындан ары да мыйзам алдында таза жана жаңы деңгээлдеги ишмердүүлүккө өтүүдө. Ал Кыргызстандагы ири компаниялар менен тең боло алат. Компанияны көлөкөдөн алып чыгуу менен Социалдык фондго болгон которуу маанилүү суммага көбөйдү. Муну Кыргыз Республикасынын бюджетине кошкон чоң салым деп белгилөөгө болот. Өз кезегинде ал социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактар үчүн оң натыйжасын берет. «Акнет» компаниясы кызмат көрсөтүүдө тейлөө тармактарынын сапатын жакшыртууну максат кылуу менен, Кыргызстандын райондорунда да жаңылануу үчүн активдүү курулуш иштерине киришүүдө. Ошондой эле масштабдуу кайра оңдоп-түзөө, жакшыртуу иштери менен катар ар бир жашоочу үчүн интернет жана санариптик телекөрсөтүүдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө.

3. Тармакты өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу ишмердүүлүгү

2019-жылы «АКНЕТ» бардык тарифтик пландагы интернеттин тейлөө кызмат акысын көтөрбөй, анын ылдамдыгын күчөттү. Талап кылынган HD сапатындагы каналдардын санын көбөйтүп, көрсөтүүлөрдү жаздырып алуунун жаңы функцияларын пайдаланууга берди. Мунун баары биринчиден учурдагы компаниянын абоненттери үчүн жана жаңы абоненттерди тартуудагы лоялдуулугун жогорулатуу. Азыркы учурда «АКНЕТ» компаниясы өз абоненттеринин арасында биринчи болуп 4К приставкасын тестирлөөдө жана жакында сатыкка койгону турат. Мындан улам абоненттер жакында толук «iTV АКНЕТ» сапатын баалай алышат.

4. Кеңселерди оңдоп-түзөө

2019-жылы «АКНЕТ» компаниясынын бардык кеңселеринде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, кардарларды тейлөөчү жаңы заманбап кеңсе ачылган. Жакынкы убакта дагы бир тейлөөчү кеңсе ачуу пландалууда.

5. Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнгөн төлөмдөр

Аталыштары

2017

2018

2019

Жыйынтык

Мамлекеттик салык кызматы

104 744 799

135 117 633

206 017 027

445 879 459

Мамлекеттик байланыш агенттиги

7 697 411

8 638 867

9 135 450

25 471 728

Мамлекеттик бажы кызматы

19 544 080

13 361 722

12 392 739

45 298 541

Социалдык фонд

7 000 874

9 275 150

59 297 613

75 573 637

Жалпы жыйынтык

138 987 164

166 393 372

286 842 829

592 223 364

Таблицада көрсөтүлгөндөй, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган каражаттын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Бул — «Акнет» компаниясына кызматкерлерди мыйзамдаштыруудан улам болгон жыйынтык. Алар мурда компанияга кызматкер болуп расмий киришкен эмес, бирок айлык акыны «кара касса» аркылуу алып келишкен.

Бардыгын мыйзамдаштырууда компанияга түшкөн кирешенин эсебинен бюджетке берилген каражат дагы көбөйгөн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан