Бир чынжырдын тогоолору: Кыргыз мамлекетинде экологиялык көзөмөлдүн жалпы өлкө ичиндеги системасы ишке кирет

Айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана мониторинг жүргүзүү инструментин “Экологиялык чечимдердин институту” деген жаңы коомдук фонду ишке киргизет.

2019-жылдын аягында старт алган Кыргыз мамлекети үчүн уникалдуу экологиялык долбоор талкуу жараткан жаңылыктын реакциясына айланды. Кайсы бир мезгилде жашыл шаар деп атыккан Бишкек дүйнөдөгү абасы кир жана ыш каптаган калаалардын бири болуп калды. Соңку айлар ичинде Бишкек “шордуулук боюнча” мегаполистердин алдыңкы ондугунда туруктуу орун алып жатат. “Экологиялык чечимдердин институту” коомдук фондунун презентациясында уюмдун төрайымы Наталья Слепченко жогорудагы “кара тизмеден” өлкөнү чыгаруу боюнча өз ой-пикирин бөлүштү.


- “Экологиялык чечимдердин институту” бир канча багыттар боюнча иш алып барат. Анын биринчиси бул – Кыргыз мамлекетиндеги атмосфералык абасына мониторинг жүргүзүү. Бир эле Бишкекте эмес, өлкөнүн бардык аймактарында (ал эми бул өз учурунда жалпы калктын 75 пайызы дегенди билдирет) тургундар таза аба менен дем алгысы келет, - дейт эксперт.

Атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча AirVisual эл аралык тармагы менен өнөктөш болуу аркылуу институт республиканын 7 облустук борборунда жана 11 шаарында атайын мониторлорду орнотот. Анын жардамы менен алынган маалыматтар реалдуу убакыттын режиминде AirVisual’дын дүйнөлүк картасында көрсөтүлүп турат.

Ушундай эле көзөмөлдү жердин үстүндөгү суунун сапатына да киргизүү пландалууда. Жабдуунун жардамы менен адистер акырындык менен 24 көрсөткүч боюнча анализ жүргүзүп башташат. Бул маалыматтар бардык адамдарга ачык болот.

Фонд ишинин артыкчылыктуу багыттарына таза суунун сапатына мониторинг жүргүзүү, адамдын кыжырына тийген ызы-чууну жана радиацияны үзгүлтүксүз ченеп турууну кошту.

- Беш багыт боюнча топтолгон маалымат экологиялык мониторингдин жалпы өлкө ичиндеги бирдиктүү системага келип турат. Андан тышкары, изилдөөлөрдүн негизинде адистер шаарлар жана райондордун суу менен абасынын сапатына жарым жылдык, жылдык сереп даярдоону пландап жатышат. Бул өнүмдөрдүн баары соңунда экологиялык кырдаалды жакшыртуу тармагында практикалык чечим кабыл алуу үчүн инструментке айланат, - деген ишенимде Наталья Слепченко.

Мындай масштабдуу тармак, маалыматтардын жана карталардын базасын түзүү бир күндүк иш эмес экендиги белгилүү. Алдыда көп иш бар, фонддун уюштуруучулары жарандык коомчулуктун жана бийлик органдарынын колдоосуна үмүт артып жатышат. Кандайдыр бир деңгээлде ошол колдоого ээ болушту. Ири экологиялык долбоорлордун жетекчилери жана экоактивисттер демилгени колдоого алышты. Институттун презентациясына Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов да кызыгып, иш-чарага баш багып келип, жогорку максаттарга жетүүгө кол кабыш кыларын убадалады.


Чечилүүнү талап кылган маселелерди көрсөтүү үчүн уникалдуу аянтча берилип, анда экология тармагынын кадыр-барктуу адистерине Кыргыз мамлекетинин экологиялык келечеги үчүн чочулоосун айтып берүүгө убакыт жетпей калды.

Бак-дарактарды кыюу, балыкты мыйзамсыз кармоо, Ысык-Көлдүн таштандыга көмүлүп бара жатышы, алтын кендерин казып алууда экосистемаларды талкалоо – ушул жана башка көптөгөн экологиялык көйгөйлөргө көз жумуп отура берүүгө болбой калды.

Аракет көрүп баштабаса, эртең эле бул жаратылышка тоотпогон, айрым учурда кош көңүл мамиле кылуу бүт өлкө үчүн оор маселе болуп чыга келет. Келгиле, өзүбүз үчүн, балдарыбыз үчүн, Жер планетасынын эң кооз жерлеринин биринин бакубатчылыгы жана гүлдөп өнүгүшү үчүн жаратылыштын баасы жок байлыгын сактап, аны көбөйтөлү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан