Талас облустук
биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Марат Умаралиев
билдиргендей, 25-ноябрда таңкы саат
6:00дө Талас шаарында жеңил автоунаа жол кырсыгына учурап, натыйжада унаанын
ичиндеги 4 адам оор жаракат менен облустук ооруканага келип түшкөн. Азыркы
учурда алардын акыбалы канааттандырарлык.
Ошол эле күнү
саат 17:30дар чамасында эки автоунаа кагышып, натыйжада Талас шаарынын тургуну
Кулбачаев Мурадил жабыркап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.