«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат
Бүгүн Жогорку Кеңеште «Мамлекеттик
пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин демилгеси менен талкууга алынарын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мыйзам долбоору Ооганстан Республикасында кызмат өтөгөн интернационалист жоокерлерди социалдык жактан
коргоого багытталган.