Lamborghini Huracan`дын документтери жасалма эмес

"Elite House" компаниясы Ламборгининин номерлери тууралуу окуя боюнча комментарий берди. Компания өкүлүнүн билдиришинче, бул окуяда адамдык сапат роль ойноп, катачылык кеткен.

Lamborghini Huracan унаасына Mercedes-Benz S 450 Maybach (01KG001ADC) унаасына тийиштүү 01KG001ADL мамлекеттик номур тагылган. Эки унаа тең Тимур Файзиевге караштуу жана акыркы символдо гана айырмачылык бар. Катачылык аныкталары менен номер алып салынган. "Elite House" компаниясы милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине ыкчамдык менен катачылыкты аныктаганы үчүн рахмат айтат. Ошондой эле "Elite House" компаниясы милициянын кайгуул кызматына мындан аркы иштерине ийгилик каалап, Бишкек шаарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындан ары да чоң салымын кошо беришине тилектеш.

Компаниянын кызматкерлери бийлик өкүлдөрүнө ар дайым сый мамиле кылып келерин эскерте кетели. Окуя катталган күнү да эч ким кайгуул кызматынын жумушуна тоскоолдук көрсөткөн эмес. Түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдору боюнча сүйлөшүүлөр гана жүргөн. Эки тарап тең сүйлөшүү позитивдүү, конструктивдүү өткөнүн белгилешкен.

"Elite House" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Тимур Файзиев социалдык статусу, каржылык мүмкүнчүлүк жана башка факторлорго карабай Кыргыз жарандарынын баары мыйзам алдында бирдей жана кылган иши үчүн толук жоопкерчиликти алуусу керек деген принципти карманат.

Эске салсак, мамлекеттик тейлөө кызматынын мамлекеттик сайтында жогоруда аты аталган унааларга айып пул жазылган эмес.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан