Тимур Файзиевдин Оштогу тренинги: «Жашоонун негизги багыттары»

Заманбап жашоонун негизин билим жана окутуу түзөрү баарына маалым. «Elite House» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси, девелопер, ийгиликтүү ишкер Тимур Файзиев бул багытта дайыма тренингдерди өткөрүп турат. Анын кезектеги көптөн бери күтүлүп жаткан иш-чарасы 29-февралда Ош шаарындагы «Eldorado Grand» ресторанында өтөт.

Бул ирет Тимур Файзиев өзүнүн программасынын алкагында ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүүнү жаңы тарабынан ачыктап берет. «Elite House» курулуш компаниясынын ээси өзүнүн ачык-айкын жана адилеттүү бизнес жүргүзүүдөгү көз карашын жеке ийгилигине таянуу менен билген маалыматын бөлүшүп келет. Тимур Файзиев бул баалуулуктарын жашоонун бардык багыттарында сактайт. Жаңы тренингде дал ушул тууралуу сөз болот.

"Жашоонун негизги багыттары" аттуу жаңы аталыштагы тренинг биринчи жолу Ош шаарында өтөт. Бизнес-коучтун принципиалдуу позициясы –Тимур Файзиев билген маалыматы менен бекер бөлүшөт. Тренингге катышуу үчүн 0(558) 888-888 телефон номерине чалып, каттоодон өтүү гана жетиштүү.

Тимур Файзиев өлкө жарандарынын бакубаттуулугун баарынан жогору коёт. Жакында эле Бишкекте өткөн тренингде ал мындай иш-чараларды өлкөнүн аймактарында бат-баттан өткөрүп турарын убадалады. Жыл ичинде Тимур Файзиев бардык аймактын чоң шаарларына барып, ар бирине ийгиликке жетүүнүн сырларын ачыктап берүүнү пландап жатат.

Ийгиликтүү ишкерлер бизнес тынчтыкты сүйөрүн байма-бай айтып келишет. Бирок Тимур Файзиев "Билим өлкөнүн булуң-бурчуна жайылышы керек, ал өсүүгө жана өнүгүүгө өбөлгө түзөт" деген ойдо. Мындан улам, ал өзүнүн билимин жана тажрыйбасын аянбай бөлүшөт.

Бул иш-чаранын башкы демөөрчүсү “Elite House” компаниясы.

Тимур Файзиевдин Оштогу тренинги: «Жашоонун негизги багыттары»

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан