Сенин жүрөгүң сен үчүн гана сокпойт! Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жолдору

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 1 жыл аралыгында 18 миңден ашуун жаран жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркайт. Тагыраагы, бир суткада 50дөй киши жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумат. Ал эми Улуттук статистиканын 2018-жылдагы расмий маалыматына ылайык, 1 жылда жүрөк-кан тамыр ооруларынан 16 миң 803 адам көз жумган. Бул бир суткада 46 адам каза болот дегендик.

Сенин жүрөгүң сен үчүн гана сокпойт! Андыктан жакындарыбыз менен бирге болуу үчүн жүрөк ооруларын алдын алуубуз кажет. Ал үчүн кардиологдун кеңешин сунуштайбыз.

Кыргызстанда онкологиялык илдеттен кийинки эле орунда жүрөк-кан тамыр оорулары турат. Өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң көп жайылган түрлөрү тууралуу “Кардиоцентр” борборунун кардиологу Сарыков Эсеналы Ашыралиевич айтып, алдын алуу жолдорун сунуштайт.

Миокарддын инфаркты – жүрөктүн булчуңуна кандын барбай калышынан анын ткандарынын өлө башташы. Тукум куучулуктан, кант диабетинен, мээнин инсультунан, кандагы холестериндин көп болуусунан, кыймылдын аздыгынан, тамеки тартуудан келип чыккан оору.

Стенокардия – жүрөктүн булчуңундагы кан айлануунун бузулушу. Көп учурда физикалык күч келүүдөн же эмоционалдык стресстен келип чыгат. Оору өтүшүп кеткенде инфарктка алып келет.

Гипертония – жогорку кан басым оорусу. Кайсы бир оорунун натыйжасынан, тукум куучулуктан, кант диабетинен, аз кыймылдуулуктан, тамеки чегүүдөн, ичимдикти көп ичүүдөн, туздуу тамакты көп жегенден жана ашыкча салмактан келип чыгат.

Жүрөк кемтиги, тубаса жүрөк кемтиги – генетикалык факторлор, сырткы чөйрөдөгү жагысмыз факторлор, инфекциялык оорулардан жана витаминдердин жетишсиздигинен келип чыккан оору.

Аритмия – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. Жүрөктүн жыйрылып согуусуна жеткирүүчү импульстун пайда болушунун же анын таркашынын бузулуусунан улам келип чыгат.

Ревматизм – жүрөк-кан тамырларын жана муундарды жабырката турган оору. Көбүнчө ангинадан кийин жана стрептококк бактериялары козгой турган оорулардан келип чыгат.

Атеросклероз – жүрөккө кан ташыган артериалдык кан тамырдын биринин май түйдөкчөлөрү менен бүтөлүп, кандын өтпөй калышы. Кандагы холестериндин көбөйүшүнөн пайда болот.

Жогоруда аталган оорулар өз алдынча ичинен дагы бөлүнөт. Бул ооруларды алдын алуунун эки жолу бар деген кардиолог Эсеналы Сарыков буларга токтолду.

Калориялуу тамак-аштар, куйрук, чучук, малдын майын нормадан көп колдонуу, бир канча жыл бою тамеки тартуу, ичимдик ичүү, кант диабети, стресс, аз кыймылдуулук жана ашыкча салмак жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келүүчү негизги факторлор.

Ооруларды алдын алуу үчүн майлуу, калориялуу тамак-аштардан, туздуу, таттуу азыктардан баш тартып, мүнөздөп тамактануу, тамеки, алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу абзел. Спорттук кыймыл аракеттерди, көнүгүүлөрдү жасап, ашыкча салмактан арылуу керек.

Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыкпаш үчүн 40-45 жаштан жогорку курактагылар сөзсүз түрдө канды суюлта турган дарыларды профилактика үчүн ичсе болот. Медициналык жактан далилденип, илимий изилдөөдөн өткөн тромбопол дарысын бир күндө бир маал ичүү керек. Дарыны ичүүдө алгач дарыгерден кеңеш алып, төмөндөгүдөй эрежелерди сактоо маанилүү:

Дарыны тамактангандан кийин жетиштүү көлөмдөгү суу менен бүтүн (бөлүп ичкенге болбойт) ичүү керек. Дары сыртынан ичегиде эрүүчү каптам менен капталгандыктан ашказанда эрип кетпейт. Мындан улам ацетилсалицил кычкылынан ашказан былжырынын дүүлүгүүсүн азайтат.

Бирок ашказан, 12 эли ичегиде жарасы барлар же геморрой кармаган учурда, мурун көп канаганда өз алдынча ичүүгө болбойт. Мындай учурда сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алып, анын көрсөтмөсү менен гана колдонушу керек. Жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого караганда алдын алуу оңой жана арзан болот дейт кардиолог.

РУ. KG. 3.3.206.02034-2014, 17.04.2014. Дарынын каршы көрсөтмөлөрү бар. Бул препаратты колдонуудан мурда инструкциясы менен толук таанышып чыгып же адис менен кеңешиңиз.


кошулду
Тромбопол - сиздин саламаттыгыңыз!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан