«АККА» компаниялар группасы» – Кыргыз футбол союзунун расмий демөөрчүсү

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «АККА» компаниялар группасы» жабык акционердик коому менен демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу болуп өттү. Аталган келишимге Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана «АККА» компаниялар группасы» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алымбек Бактыбеков менен кол коюшту.

Канатбек Маматов, Кыргыз футбол союзунун президенти:

– Кыргыз футболу менен сиздердин компания бир канча жылдардан бери иштешип келишет. №1 спорт болуп келген футболду өлкөбүздө өнүктүрүүгө өз салымыңарды жана колдооңорду көргөзүп келе жаткандарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Футбол көп каражатты талап кылат, мындан тышкары, күч да керек. «АККА» компаниялар группасы» биздин ишенимдүү өнөктөш болгону бизди кубантат. Биздин чогуу иштешүүбүз эки тарапка тең натыйжалуу болот деп ишенем. Сиздердин “Илбирстин” академиясын карамагыңызга алганыңыздар Кыргыз футболуна оң жагынан таасир берет. Келечекте мыкты футболчуларды өстүрүп чыгып, улуттук курама командага ойноп беришет деген ишеничтемин. Биздин иштешүүбүз жемиштүү жана натыйжалуу болсун.

Алымбек Бактыбеков, «АККА» компаниялар группасы» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы:

-«АККА» компаниялар группасынын» атынан спорттук гана эмес, социалдык багыттарда алгылыктуу иш алып баргандыңыздар үчүн Кыргыз футбол союзунун бардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем. Биздин компания кыргыз футболуна абдан күйгөн күйөрмандары, андыктан биздин иштешүүбүз уланып жаткандыгы кубандырат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан