«Кыргызстан коммерциялык банкы» – Кыргыз футбол союзунун расмий банкы

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «Кыргызстан коммерциялык банкы» менен демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу өттү. Анда Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана «Кыргызстан коммерциялык банкынын» башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Жаркынбек Сагындыков келишимге кол коюшту.

Канатбек Маматов, Кыргыз футбол союзунун президенти:

– Биз бул келишимге кол койгонубузга абдан кубанып турабыз. Бүгүнкү күндө сиздердин банкыңар өлкөдөгү эң белгилүү жана туруктуу банктардын бири болуп саналат. Биздин футболго салым кошуп жаткандыңыздарга ыраазыбыз. Жаш футболчуларды тарбиялоо, даярдоо, аларды окутуу абдан маанилүү. Сиздер менен бир канча жылдардан бери өнөктөш болуп келебиз, «Кыргызстан коммерциялык банкы» биз үчүн ишеничтүү демөөрчү жана бул биз үчүн жагымдуу жаңылык.

Жаркынбек Сагындыков, «Кыргызстан коммерциялык банкынын» башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары:

– Биз спортко, жаштарга салым кошконубузга кубанычтабыз. Спорт бул дени сак жашоо, дени сак эл – өнүгүүгө болгон кадам. Сиздердин уюм менен 14 жылдан бери иштешип келебиз, иштешүүдөн бир гана жагымдуу маанай алып келе жатабыз. Биздин спортко кошкон болгон салымдарыбыз натыйжалуу болот деп ишенем. Биз мыкты оюндардын көп болуусун жана ири жеңиштер мол болсун деген ниеттебиз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан