#areuready20x20: Өзүңдү мыкты абалга келтирүүнүн эң жеткиликтүү ыкмасы

Жаңыча жашоо жөнүндө көп адамдар сөз кылышат, бирок аны кандайча баштоону бардыгы эле биле бербейт. Сен бир нерсени баштамакчы болдуң, бирок ар дайым тоскоолдук келип чыгат: саат коңгуроосун койгонду унутуп калдың, спорттук кийимиң жок, кроссовкаң эскирген, жаан-чачын башталды. Деги эле жуманын күнү, шаар, кылым туура келбей жатат. Кыскасы, баары сага каршы чыккандай...

Мындай маанайдан куткара турган бир гана “жаса” деген сөз бар. Мындан да жакшысы – жолдон адашпай, артка карай чегинбей алдыга жылыш үчүн коллектив менен биргеликте аракеттенүү.

Өз жашообузду өзгөртүп, пайдалуу көндүмдөрдү адатка айландыруубузга Herbalife Nutrition компаниясынын #areuready20x20 чакырыгы жардам берет.

Бул чакырыктын мааниси мындай: адам 20 күндүн аралыгында ар күнү спорт менен машыгууга 20 мүнөттөн жумшап, туура тамактанат. Социалдык тармактарда #areuready20x20 хэштеги менен өзүнүн ийгиликтери жөнүндө күн сайын кыскача видеоотчетту жарыялоо милдеттүү шарт болуп саналат. Дагы бир мотивация: чакырык жөнүндө социалдык тармактарда өз досторуна, кесиптештерине айтуу жана көздөгөн максаттан чегинүүгө мүмкүндүктүн жоктугу.

Биз ар күнкү 20 мүнөт жашоону жакшы жакка өзгөртө тургандыгынын чын-төгүнүн билүү үчүн фитнес эксперт Александр Аралбаев жана Herbalife Nutrition брендинин тамактануу боюнча эксперти Вячеслав Захаров менен маектештик.



- 20 мүнөттөн 20 күн бою спорт менен машыгуунун негизинде реалдуу натыйжага жетишүү – ишенүүгө болбой турган убаракерчиликтей сезилет. #areuready20x20 чакырыгынын аягында адам эмнени күтсө боло тургандыгы жөнүндө ой бөлүшсөңүз?

Александр: "Иш жүзүндө жыйырма мүнөт заманбап адам үчүн көп ишти бүтүрүүгө жетиштүү убакыт. Мисалы, социалдык тармактардын лентасын же жаңылыктар сайтын барактап жатып, 20 мүнөттө бүгүнкү күндүн картинасы жөнүндө түшүнүк алабыз. 20 мүнөт китеп окусак, эң көп пайдалуу маалыматка ээ болобуз. Күн сайын 20 мүнөттүн аралыгында бир тапшырманы аткаруу аркылуу тигил же бул иш, көрүнүш ж.б. тууралуу терең түшүнүк алабыз.

Спортто да ушундай эле болот. Эгерде биздин жеке өнүгүүбүз жөнүндө сөз болуп жатса, анда 20 мүнөт, 10, атүгүл, 5 мүнөт да маанилүү. Биринчиден, сиз өзүңүздүн кадыресе күнүңүзгө таанып-билүү элементин киргизип жатасыз, экинчиден, көндүм адатты калыптандырасыз, үчүнчүдөн, жашооңузду өзгөртөсүз".


Вячеслав: "Спорт – толуп кетүүдөн сактай турган бирден бир арга эмес. Дене келбетин оңдоодо тамактануу чоң ролду ойнойт. Бул алгоритмде туура тамактануу менен спорттун катышы болжол менен 80% жана 20%.

Өзүңүз 20 күндүн аралыгында жетише турган негизги керемет – бир гана күн сайын спорт менен машыгуу эмес, мындан тышкары тең салмактуу жана пайдалуу тамактанууга көнүү. Адамдар көбүнчө кандайдыр бир керемет-продуктка, керемет-таблеткага ишенишет. Алар өздөрүнө кандайдыр чектөө койсо же тескерисинче – бир нерсени көбүрөөк жесе же жөн гана спорт менен алектенсе – укмуштуудай натыйжага жетебиз, деп ойлошот. Иш жүзүндө андай эмес. Анткени, кандайдыр бир натыйжага жетишкен күндө да, ал узакка созулбайт. Жардам бере турган бир арга – тең салмактуу тамактануу + спорт. Ушундай гана жол менен натыйжа туруктуу мүнөзгө ээ болот".

- Айтылып жаткан 20 мүнөттүн ичинде кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек?

Александр: "Өзгөчө чектөөлөр жок. Бул убакытта каалаган нерсени жасасаңыз болот. Эң ылайыктуусу, Herbalife Nutrition кандай гана болбосун активдүү кыймылдарды жасоону сунуштайт. Булар жөнүндө #areuready20x20 хэштеги менен кирип, Instagram тиркемесинен билүүгө болот. Ошондой эле, жеке өзүңүзгө жаккан көнүгүүлөрдү жасай аласыз. 20 мүнөтүңүздү жөө басууга, жеңил машыгууга арнаңыз же “планка” көнүгүүсүн же сиз жактырган, бала чагыңызда дене тарбия сабагында үйрөнгөн жеңил көнүгүүлөрдү аткарууга жумшаңыз.

Бул чакырыктын уникалдуулугу – адамдын жаш курагына же физикалык мүмкүндүктөрүнө карап чектөөлөрдү койбогондугунда. Өзүңүз үчүн каалагандай активдүүлүктү тандап, анын сиздин өнүгүшүңүзгө кандайча жардам берип жаткандыгы жөнүндө айтып бересиз.

Бир гана жумадан кийин натыйжаны сезесиз! Адегенде спорттун сиздин жашооңузда кадыресе чакырык эмес, пайда алып келүүчү олуттуу иш экендигин түшүнөсүз. Денеңиз көнүгүүлөргө муктаж боло баштайт. Эгерде адам машыккандан тышкары тең салмактуу тамактанса, албетте, дене көлөмүнүн кичирейип жатканын байкайт. Мындан кийин сиз спортту чакырык катары эсептебей калган процесс башталат. Максат ишке ашат – спорт көндүм адатка айланат. Менимче, 20 күндө буга сөзсүз жетишүүгө болот".



- Эгерде #areuready20x20 чакырыгына катышуунун убагында үзгүлтүк болуп, адам шоколаддуу торт жеп алса же 20 мүнөттүк спорттук машыгуу жөнүндө унутуп койсо, эмне кылышы керек?

Вячеслав: "Үзгүлтүккө бардык эле адамдар туш болушат. Эң маанилүүсү – мындай кырдаалда үзгүлтүктөн коркпош керек. Өзүңүздүн кадыресе адам экендигиңизди жана алсыздык биздин табиятыбызга мүнөздүү экендигин мойнуңузга алыңыз. #areuready20x20 чакырыгынын артыкчылыгы – адам үзгүлтүккө туш болгондо сырткы колдоого жана жардамга муктаж экендиги эске алынат. Бул колдоону Herbalife Nutrition компаниясы көрсөтөт. Үзгүлтүктөр ар дайым психологиялык себептерден келип чыгат, аларды көрө билип, түпкү тамырын түшүнүү менен иш алып баруу керек.

Мисалы, ачкалык менен аппетит – эки башка көрүнүш. Ачка болуунун себеби ар дайым физиологиялык мүнөзгө ээ: адам энергияны кайра калыбына келтирүүгө муктаж. Мунун дарысы бир гана – тең салмактуу тамактануу.

Ал эми аппетиттин себептери тереңде жатат. Аппетитиңиз пайда болгондо тамактануунун зарылчылыгы жок, анткени мындай учурда тамактануу психология менен байланыштуу. Сиз стресстен, ишенбегендиктен, чарчоодон же толкундануудан тамактын жардамы менен алаксып жаткандырсыз. Себептер абдан көп болушу мүмкүн. Ошондуктан аппетит пайда болгондо режимиңиз үзгүлтүккө оңой эле учурашы мүмкүн. Мында эч кандай кылмыш жок.

Бирок өз организмиңизге көңүл буруп, ага чындыгында эмне керек экендигин, эмне себептен көйгөйлөрүңүздөн тамактын жардамы менен алаксууга аракеттенип жатканыңызды түшүнүүгө тийишсиз.

Тең салмактуу тамактануу жөнүндө сөз кылганыбызда, биз эмнени түшүнөбүз? Бул убагы менен, бөлүп (күнүнө 4-5 жолу) тамактануу. Ошондой эле организмге өзгөчө пайда алып келүүчү элементтерди – белокторду, татаал углеводдорду жана клетчатканы камтыган тамактарды кабыл алуу. Албетте, ар бир тамактануунун учурунда дасторконуңузда бардык элементтердин бар экендигин эсептеп отуруу абдан татаал. Дал ушул жагдайда бизге Herbalife Nutrition өзүнүн функционалдуу тамак продукту менен жардам бере алат. Анын курамында зарыл болгон компоненттер таза түрүндө камтылган, ушул себептен тең салмактуу тамактанууну көндүм адатка айландыруу жеңилдейт. Организмди ашыкча тамактануудан сактап, жетишпеген элементтерди толуктап, пазл чогултуп жаткан мүнөздө ишке ашырылат. Менимче, өз рационуңузду тең салмактуу кылуунун мындан ыңгайлуу ыкмасы табыла элек"

Александр: "Тамактануу чоң мааниге ээ. Эгерде адам спорт менен машыкса, ал физикалык жүктөмдөрдөн кийин өз организмин кайрадан калыбына келтириш үчүн бардык зарыл элементтерди кабыл алышы керек. Мен кесипкөй спортчулар жөнүндө эмес, булар үчүн тамактануу негиз болуп саналат, спортту сүйүүчүлөр жөнүндө сөз кылып жатам. Алар үчүн дагы бул маанилүү.


Спорт – организмди саламаттыкта алып жүрүүнүн ыкмасы. Оганизмдин адамдын жыргалчылыгына эмгектениши үчүн көп энергия талап кылынат жана көп учурда энергия жетишсиз болушу мүмкүн. Мунун бардыгы туура эмес тамактануудан келип чыгат. Адам убагы менен белгилүү сааттарда тамактанганы абдан сонун. Туш келди тамактанганыбызда, биз тең салмактуулуктун бузулушуна алып келебиз, анткени организм тартипти сүйөт, бардыгын сааты менен жайгаштырат. Эң негизгиси – денебизге көңүл буруп, ушул процесстерди түшүнүүгө тийишпиз. Ошондо спорт менен машыгуу алда канча жеңил өтөт".

- #areuready20x20 чакырыгында денеңдин идеалдуу эмес экендигин эл алдында моюнга алып, аны оңдоонун жолун көрсөтүү каралган. Сиз элибиздин менталитетинин мындай нерселер жөнүндө ачык айтууга мүмкүндүк берерине ишене аласызбы?

Вячеслав: "Толуп кетүү – психосоматикалык оору, ал кайра кайталанууга жана күчөп кетүүгө жөндөмдүү. Эгерде адам өз көйгөйү менен бетме-бет жалгыз калса, анда 95% учурда көйгөй чечилбейт. Анткени биздин ойлорубуз бул оорунун бир бөлүгү болушу мүмкүн. Ойлорубуз алданып, баштапкы абалына кайрадан кайта берет.

Ар дайым жаныңызда сизди колдогон адам болушу керек. Мисалы, Herbalife Nutrition компаниясынын Көз карандысыз Өнөктөштөр Сергек жашоо образы Клубдарын алып барышат. Бул туура тамактанууга үйрөтүп, сизге моралдык жардам көрсөткөн, камкордук жана түшүнүү менен курчай турган колдоо группалары. Эгерде сиз эски адаттардын ордуна жаңы көндүмдөргө ээ болууну чечкен болсоңуз, анда өзүңүзгө тилектеш адамдардын арасынан орун аласыз.

Эң маанилүүсү – көйгөй жөнүндө ачык айтууну баштоо керек. Анткени дененин ашыкча салмагы – мотивацияга ээ болуу же жалкоолукту жеңүү аркылуу гана чечилүүчү көйгөй эмес. Бул ооруну дарылоонун белгилүү алгоритмдери бар. Адам өзүнүн жеке чөйрөсүндө камалып калбоого тийиш".

Александр: " #areuready20x20 чакырыгында мотивация да мааниге ээ. Өзүңүздү кантип мотивациялай аласыз? Өз пландарыңыз жөнүндө башкаларга айтып бересиз. Сиздин ийгиликтериңизди байкап карап турган адамдардын бар экендигин билгениңизде, аракетиңизди токтоткуңуз келбейт.

Адам көптөн бери жасабай жүргөн машыгууну жасоону ойлонот. Бирок ошол замат: “Азыр машыгам, андан кийин денем ооруксунуп калат”, “Кечээ ушунча көнүгүү жасадым, ал эми бүгүн анчалык жасай албайм” – деген маанидеги негативдүү ойлор пайда болот. Ал эми адамды башкалар шыктандырып турганда, алардын мамилесин көрүп, ойлору: “Эгерде мен бүгүн муну жасасам, анда эртең да жасай алам”, “Эгерде эртең да жасасам, анда бүрсүгүнү таштап койгонум жарабайт. Ушундан кийин менин денем күч келтирүүлөргө көнүп калат, мен ашыкча килограммдардан бошоно алам”, “Эгерде денем күч келтирүүлөргө ылайыкташса, анда бир айдан кийин спорт залга барсам болот, ошентип сергек жашоо образын өздөштүрөм”, “Айланамдагы адамдар мендеги өзгөрүүлөрдү көрүп, мага комплименттерин айтышат”, – деген маанайдагы нуска бурулат. Адамдарга ийгилик жөнүндө баяндар жагат. Алардын демине дем кошулуп, шыктанышат. Эмне үчүн өзүңүздүн ийгилигиңиз жөнүндө айтып берүүгө болбосун?"

Эгерде сиз дагы Herbalife Nutrition компаниясынын чакырыгына катышууну кааласаңыз, өзүңүздүн машыгууларыңыз жөнүндө видеолоруңузду #areuready20x20 хэштеги менен Instagram тиркемесине жарыялаңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан